Бишкекте 3 эм төрөлдү

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Аларды 37 жаштагы аял Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда операция жолу менен жарыкка алып келди. Ар биринин салмагы 3 килограммга жакын. Учурда эне жана балдардын абалы канааттандыраарлык. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда үй-бүлөдө бир учурда 3 же андан ашык бала төрөлсө, ар… Кененирээк…

Кыргызстандык спортчу  дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингинде 3-сапта жайгашты

Кыргызстандык спортчу  дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингинде 3-сапта жайгашты. Кубанычбек Айбек уулу 60 килограммга чейинки дүйнөдөгү эң күчтүү юниорлор арасында, 349 упай топтоду. Ал эми рейтингдин сап башында түркиялык Yildiz Salih 460 упай менен турса, экинчиде америкалык More Jakob 412 упай менен жайгашты. Кошумчаласак, Айбек уулу… Кененирээк…

Марттан баштап ордо калаадагы аялдамалар 2ге бөлүнөт

Марттан баштап ордо калаадагы аялдамалар 2ге бөлүнөт. Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди. Анын айтымында, автобустарга арналган аймак жашыл түс менен, ал эми маршруттук унаалар үчүн сары түс менен белгиленет. Көбүрөөк бөлүгү же 80 пайызы автобустарга бөлүнмөкчү. Мындай иштер коомдук унаалары тартипке келтирүү максатында жасалып… Кененирээк…

Москва соту «Твиттер» жана «Фейсбук» баракчаларына 63 миң доллар айып салды

Москванын Таганск райондук соту «Твиттер» жана «Фейсбук» социалдык баракчаларына 63 миң доллар айып салды. Буга эки компаниянын Россиянын колдонуучулары тууралуу маалыматты өлкө ичинде сактоодон баш тартканы себеп болду. Россияда жарандардын жеке маалыматын жергиликтүү серверлерде сактоону талап кылган мыйзам 2015-жылы күчүнө кирген. Ага ылайык, «Твиттер» менен… Кененирээк…

Валерий Кичин Москванын “Торпедо” клубуна өттү

Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин Москванын “Торпедо” клубуна өттү. Ал ушул жуманын башында “Динамо-Минск” командасынан кеткен. Анын машыктыруучусу Сергей Гуренконун айтымында, командадан кетүүнү оюнчу өзү сунуштады. Кетип жаткан себеби жаңы клуб көп каражат сунуштаганында. Кошумчаласак, Кичин белоруссиялык командада 2016-жылдан бери ойноп келген.

Европа Биримдиги Кыргызстанга 5,5 миллион евро бөлдү

  Европа Биримдиги Кыргызстанга 5,5 миллион евро бөлдү. Ал грант катары Финансы министрлигине тапшырылды. Бул каражат өлкөнүн социалдык секторуна колдоо көрсөтүү программасынын алкагында которулду. Биримдик 2014-жылдан баштап аталган секторду колдоо максатындагы программаларга акча бөлүп келет. Каражаттын жалпы суммасы 174 миллион еврону түзөт.

Златан Ибрагимович Италия кубогунун жооптук беттешине катышпайт

«Милан» футболчусу Златан Ибрагимович Италиянын кубогунун жарым финалынын жооптук беттешине катышпайт. 38 жаштагы оюнчу «Ювентуска» каршы оюнда орой беттешкени үчүн сары айып кагазын алган. Дагы бир эскертүү алса, анда оюндан четтетилет. Эске салсак, эки команданын оюну 1:1 эсебинде жыйынтыкталган. Ал эми жооптук беттеш 5-мартта өтөт.

Шаардыктарга мыйзамсыз таштанды ыргытуу үчүн 1 миллион сомдон ашык айып салынды

Жыл башынан бери шаардыктарга мыйзамсыз таштанды ыргытуу үчүн 1 миллион сомдон ашык айып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, алар кафе, кинотеатр жана мыйзамсыз сатуу түйүндөрү. Мыйзамсыз таштанды ыргытууга карата 112 протокол толтурулду. Аталган фактыларды көзөмөлдөө максатында Санитардык экологиялык инспекция калаада күн сайын рейд… Кененирээк…

Электрондук  эсеп-фактураларды колдонуу боюнча жумушчу долбоорго 627 компания катышууда

Электрондук  эсеп-фактураларды колдонуу боюнча жумушчу долбоорго 627 компания катышууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери жана компаниялардын өкүлдөрү ар жумалык негизде “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасын тестирлөөдөн өткөрүп турушат. Белгилеп кетсек, 1-апрелден тартып КНС төлөчүлөр, товар импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды… Кененирээк…

Кыргызстанда орган алмаштырууга шарт түзүү үчүн аракет көрүлүп жатат

Кыргызстанда орган алмаштырууга шарт түзүү үчүн аракет көрүлүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Анын айтымында, жарандар өлкөдөн сыртка чыкпай эле Кыргызстандын аймагында орган алмаштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул үчүн Кыргызстан жана Россиянын онкологдор ассоциациясынын ортосунда атайын келишимге кол коюлат. Белгилей кетсек, органын алмаштырууга мажбур… Кененирээк…