Бишкекте жаштар арасында дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт
Бишкекте жаштар арасында дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, турнирде балдар 8 салмак категориясында жана кыздар дагы ушундай эле чен өлчөмдө күч сынашат. Мелдеш 1-2-мартта спорт сарайында өтөт. Спорттук мелдешке көрүүчүлөр киргизилбейт, санитардык-эпидемиологиялык талаптар толук сакталат