Кыргызстанда акыркы суткада 12 миң адам ковидге каршы эмделди

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 18 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 324 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 694 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 901 миң 539 адам вакцинанын… Кененирээк…

Ош облусунун айрым аймагында 3 күнгө жарык жок болот

Кыргызстандын бир нече аймагында бүгүндөн тарта 18-октябрга чейин электр кубаты өчүрүлөт. Бул тууралуу «Ош электр» ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты. «Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт», — деп айтылган маалыматта. Электр кубаты төмөнкү шаар, райондордо убактылуу өчүрүлөт: 16-октябрь: Кара-Суу… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусунун бир катар аймактарында жарык өчүрүлдү

Бишкек жана Чүй облусунун бир катар аймактарында жарык өчүрүлдү. Бүгүн кечки саат 6га чейин ордо калаанын Ак-Тилек, Арча-Бешик конуштарында, Чүй облусунун Бирлик, Лесхоз, МТФ-2, Тендик, төмөнкү Ала-Арча, Байтик, Военно-Антоновка, Новопавловка, Терек-Суу, Поле-Чудес айылдарынын бир катар көчөлөрүндө электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Ош шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт

Ош шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Алымбек датка аянтында уюштурулат. Жарманкеге жергиликтүү дыйкандардын табигый азыктары коюлат. Бул жерден түштүк калаа тургундары азыктарды жеткиликтүү баада сатып алса болот. Ошондой эле жарманкеде тургундар үчүн туура тамактануу боюнча дагы кеп-кеңеш берилет.

Мамлекеттик салык кызматынын жаңы төрагасы дайындалды

Мамлекеттик салык кызматынын жаңы төрагасы дайындалды. Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Алтынбек Абдувапов кызматка бекитилди. Дагы башка буйрук менен салык кызматынын мурдагы башчысы Илияз Иманбетов ээлеген кызматынан бошотуп, каржы министринин биринчи орун басары болду. Абдувапов буга чейин Салык… Кененирээк…

Бишкекте 18-октябрь, дүйшөмбүдөн тартып каттамга чыга турган автобустар кайсы линия боюнча жүрөөрү айтылды

Бишкекте 18-октябрь, дүйшөмбүдөн тартып каттамга чыга турган автобустар кайсы линия боюнча жүрөөрү айтылды. Мэриядан тастыкташкандай, №34, 21 жана 46-номурдагы коомдук унааларга 10дон кошумча автобус жүргүнчүлөрдү ташып баштайт. Алсак, №34-автобус — «Шоро» фирмасы — Жеңиш конушу боюнча, № 21 автобус — Биримдик — Бакай-Ата конуштары аралыгында,… Кененирээк…

Кыргызстанда бир жылда көмүрдүн баасы 18 пайызга же 794 сомго кымбаттады

Кыргызстанда бир жылда көмүрдүн баасы 18 пайызга же 794 сомго кымбаттады. Көрсөткүч былтыркы жылдын октябрына салыштырмалуу быйыл октябрга карата түзүлдү. Өлкө боюнча минималдуу баалар Чаек айылында, Балыкчы жана Нарын шаарларында – тоннасы 3 миң сомдон 4 миң 200 сомго чейин. Ал эми эң жогорку баа… Кененирээк…