Кемин районунда жаңы калкты тейлөө борборунун курулушу башталды
Кемин районунда жаңы калкты тейлөө борборунун курулушу башталды. Чүй облустук администрациясынан билдиришкендей, аймактын тургундары борбордон паспорт алууга, үй-бүлөнү каттоого документтерди тапшыра алат. Курулуш иштерине каражат райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнөт. Күтүлгөндөй, борбор 31-август, Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат.