Криштиану Роналду Instagram баракчасында 200 миллион катталуучу бар алгачкы адам

Криштиану Роналду Instagram баракчасында 200 миллион катталуучу бар алгачкы адам. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазат. Андан кийин 173 миллион катталуучусу бар ырчы Ариана Гранде турат. Ал эми үчүнчү орунга 170 катталуучу менен актер Дуэйн Жонсон жайгашкан. Ал эми көпчүлүк адамдар экөөнү салыштырып келген Лионель Мессиде 141… Кененирээк…

Баткен шаарынын борбордук базарында жол боюнда соода кылууга толугу менен тыюу салынат

Баткен шаарынын борбордук базарында жол боюнда соода кылууга толугу менен тыюу салынат. Шаардык мэриянын юристи Батырбек Кожомбердиевдин айтымында, буга чейин алар бир нече ирет базардын ичине көчүрүлгөн. Ишемби базар күнү болгондуктан сырттан соода кылууга уруксаат берилген. Мындан улам сатуучулар башка күндөрү да кайра эле көчөдө… Кененирээк…

Америкалык жаран чөнтөгүндө байлыктын ачкычы бар экенин билген эмес

Америкалык жаран чөнтөгүндө байлыктын ачкычы бар экенин билген эмес. Колорадо штатынын жашоочусу супермаркеттердин биринен лоторея билетин сатып алып, жыйынтыгында бардык сандар төп келип, 2 миллион доллар утушка ээ болду. Кызыгы ал сүйүнүчтүү кабарды 1 жума өткөндөн кийин билди. Ал каражатты ден соолугун калыбына келтирүүгө жана… Кененирээк…

Валентина Шевченко мыкты мушкер айымдардын рейтингинде 2-сапта

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мыкты мушкер айымдардын рейтингинде 2-сапта. Бул салмак категориясынан тышкары UFC уюмунун жаңы түзгөн рейтинги. Бул тизмеде бразилиялык Аманда Нунес биринчи орунда жайгашты. Шевченко менен Нунес эки жолу беттешке чыгып, анда бразилиялык мушкер жеңишке жеткен.

Кытайдын Гонконг шаарында коронавируска каршы вакцина иштелип чыкты

Кытайдын Гонконг шаарында коронавируска каршы вакцина иштелип чыкты. Бул тууралуу South China Morning Post гезити жазып чыкты. Иштелип чыккан дары жаныбарларда сыноо үчүн узак убакыт керектелет, — дешти Кытайлык дарыгерлер. Ал эми АКШнын Johnson&Johnson компаниясынын кызматкери  жаңы вакцина жакынкы айларда чыгып калат деп билдиришти. Акыркы… Кененирээк…

Кыргызстанда медициналык бет кап кымбаттабайт

Кыргызстанда медициналык бет кап кымбаттабайт. Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинде фармацевтикалык фирма өкүлдөрү менен кеңешме өттү. Иш-чарада дарыканалардагы бир жолу колдонулуучу медициналык бет каптар жана вирустарга каршы дары-дармектердин көлөмүн тактоо, алардын баасын жогорулатпай, сыртка экспортко чектөө киргизүүгө эскертүүлөр берилди. Учурда Кыргызстандагы дарыканаларда бет кап жана… Кененирээк…

Уюшкан кылмыштуу топтун 16 жолу жоопко тартылган мүчөсү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун 16 жолу жоопко тартылган мүчөсү кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы милициянын тизмесинде турган жаран кармалганын маалымдайт. Билдирүүгө ылайык, 2019-жылдын октябрында Ош шаардык милиция бөлүмүнө белгисиз адамдан сабалганын айтып, жергиликтүү тургун кайрылган. Шектүү мурда кылган кылмышы үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош… Кененирээк…

Кристиан Эриксен  «Интер» футбол клубуна өттү

«Тоттенхэм» футбол клубунун жарым коргоочусу Кристиан Эриксен  «Интер» клубуна өттү. 27 жаштагы даниялык футболчу «Интер» клубу менен 4 жылдык келишимге кол койду жана трансфердик баасы 20 миллион еврону түздү. Жаңы клубта футболчу жылына 10 миллион евро табат. Бул көрсөткүчү менен ал Италия чемпиондугунда эң көп маяна… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы өлкө боюнча “Бирдиктүү терезе” тармагын кеңейтүүдө

Мамлекеттик салык кызматы өлкө боюнча “Бирдиктүү терезе” тармагын кеңейтүүдө. Маалыматка ылайык, азыркы учурда 60 аймактык салык органдарынын ичинен 52си «Бирдиктүү терезе» системасына кошулду. Алар ири соода борборлорунда, «Сосновка» көзөмөл-өткөрмө пунктунда түзүлгөн 13 сервистик борбор жана пункт иштеп жатат. Аталган системада отчетторду берүүгө, маалымкат алууга, салыктык… Кененирээк…

Ош шаарында жол кырсыктарын алдын алуу максатында айдоочуларга карата рейд жүрүүдө

Ош шаарында жол кырсыктарын алдын алуу максатында айдоочуларга карата рейд жүрүүдө. Бул тууралуу аталган шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Пландуу иштер 27-январдан тартып башталды. Натыйжада, 155 айдоочуга протокол толтурулуп, айып салынды. Алардын ичинде айдоочулук күбөлүк, унаанын техникалык паспорту жана мамлекеттик номурлары жок мыйзам бузуулары бар.… Кененирээк…