Баткенде каза тапкандардын болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 8-майда, Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үйлөр курула баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Ошону менен бирге жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушууда президент Садыр Жапаров белгилегендей, калыбына келтирүү… Кененирээк…

Бишкек прокуратурасынын бөлүм башчысы кармалды

Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы ири өлчөмдөгү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Бөлүм башчы К.У.А. кечээ, 7-майда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. «Ал 2020-жылы декабрь айында кен иштетүү лицензиясынын жокко чыгарылышына жол бербөө үчүн… Кененирээк…

Республика боюнча 41 миң 854 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы 24 саатта коронавируска каршы 4 миң 443 эмдөө алды, анын ичинен 1 миң 685и экинчи доза алгандар. Республика боюнча 41 миң 854 адам эмдөөдөн өтсө, анын ичинен 5 миң 317 адам экинчи доза алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.… Кененирээк…

Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунда жер титирөө катталды, деп билдирди Сейсмология институту. Тактап айтканда жер титирөө кечээ, 7-май күнү саат 14:11де катталган, очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Жетим-Дөбө айылында 3,5 балл, Кара-Кулжа, Жаңы-Талаа, Ылай-Талаа айылдарында 3 балл, Кара-Кочкор, Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Түштүк облустарда 3 жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат

Түштүк облустарда 3 жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Билим берүү мекемелери Кара-Суу районунун Маданият айылында, Араван районунун Көчүбаев айылында жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда салынып жатат, — дешти Мамлекеттик курулуш агенттигинен. Жаңы мектептерде спорт жана акты залдары, тамактануу блогу, химия, физика боюнча лабораториялык класстар… Кененирээк…

Баткенде чек ара чырынан жабыр тарткан балдар Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлөт

Баткенде чек ара чырынан жабыр тарткан балдар Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлөт. Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаковдун айтымында, балдар жайкы каникул мезгилинде санаторийде эс алышат. Тиешелүү буйрук Билим берүү, Маданият, спорт министрликтерине берилди. Министр белгилегендей, балдар алардын үйлөрү жаңыдан курулуп жаткан учурда Ысык-Көлдө жана  балдар мекемелеринде… Кененирээк…

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам берет

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам берет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали билдирди. Маалыматка ылайык, коңшу өлкө бизге 10 миң тонна ун жөнөтөт. Мындай чечимди Касым-Жоомарт Токаев кабыл алды. Учурда Казакстан өкмөтү президенттин тапшырмасын аткарууга киришти. Бирок гуманитардык жүк качан келери так айтылган жок.

Иш учурунда коронавирус жуктуруп алган жана андан каза тапкан медицина кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөнөт

Иш учурунда коронавирус жуктуруп алган жана андан каза тапкан медицина кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. 1 миң 165 кызматкерге акчалай жардам көрсөтүлөт. Бул максатта республикалык бюджеттен 243 миллион сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

10-майда айрым керектөөчүлөр жарыксыз калат

10-майда айрым керектөөчүлөр жарыксыз калат. Кеп, электр энергиясына карызы бар абоненттер тууралуу болуп жатат. Novosti.kgге “Түндүк электрден” билдиришкендей, ушул дүйшөмбүдө 6 миң колдонуучунун жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Андан улам, жарандарга карыздарды өз убагында төлөө сунушталат. Төлөмдөрдү банк, почта бөлүмдөрү, терминал жана электрондук капчык аркылуу жүргүзсө болот.

31-майдан баштап Түркстан—Бишкек—Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу аба каттамын ачуу пландалууда

31-майдан баштап Түркстан—Бишкек—Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу аба каттамын ачуу пландалууда. Түркстан — Казакстандын түштүгүндө жайгашкан шаар. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкектен Алматы менен Нур-Султанга Түркстан аркылуу учса болот. Аба жолдору Казакстандын авиакомпаниясы аркылуу жумасына эки ирет — дүйшөмбү жана бейшемби… Кененирээк…