Кытайдын Пекин шаарында кийинки жылдан баштап таштандыны сорттобой ыргыткандарга айып салынат

Кытайдын Пекин шаарында кийинки жылдан баштап таштандыны сорттобой ыргыткандарга айып салынат. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жазууда. Маалыматка ылайык, келе жаткан жылдын май айынан баштап мыйзам күчүнө кирет. Анда таштандылар: тамак-аш калдыктары, кайра иштетүүгө жарамдуу, кооптуу заттар жана башкалар деп төрткө бөлүнүп сорттолушу керек. ул… Кененирээк…

Кыргызстанда электрондук күндөлүк системасын 2020-жылдын сентябрь айында ишке киргизүү пландалууда

Кыргызстанда электрондук күндөлүк системасын 2020-жылдын сентябрь айында ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин өкүлү Расул Маматов билдирди. Анын айтымында, электрондук күндөлүк долбоору жумушчу режимде өлкө боюнча 70 мектепте иштеп жатат. Ал эми учурда ушул багытта 7 компания иш алып барууда, — деди Маматов.

«Манас» эл аралык аэропортунда жаңы стерилдик зона ачылды

«Манас» эл аралык аэропортунда жаңы стерилдик зона ачылды. Анын башкармалыгынын төрагасы Мурат Примбердиев билдиргендей, аэропорттун стерилдик аймагын кеңейтүү долбоору 2 жылда ишке ашты. Анын аянты 1 миң 357 чарчы метрге кеңейтилди. Анда баардык керектүү жабдуулар, эне-бала бөлмөсү, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да шарттар… Кененирээк…

Косметикалык каражаттын 90 пайызында адам өмүрүнө коркунуч алып келген микробдор табылды

Косметикалык каражаттын 90 пайызында адам өмүрүнө коркунуч алып келген микробдор табылды. Бул маалыматты Астон университетинин медициналык кызматкерлери жарыялашты. Адистердин айтымында, косметикалык каражаттарда зыяндуу стафилококк таякчалары табылып, 1 миллилитрге миллиондон ашуун бактерия туура келди. Косметика түрлөрүнүн эң көп микроб алып жүрүүчү деп декоративдик каражаттарды аташты. Андыктан… Кененирээк…

Абанын рекорддук жылуу болушу кечээ, 4 -декабрда катталды

Абанын рекорддук жылуу болушу кечээ, 4 -декабрда катталды. Синоптиктердин билдирүүсүндө, Бишкекте күндүзү термометр 20,3 көрсөттү. Буга чейин рекорддук көрсөткүч 1971-жылы 13-декабрда катталып, анда 23,3 чейин жеткен. Кошумчаласак, эртеңден баштап аба-ырайы кескин түрдө өзгөрүп, кечинде кар аралаш жаан жаап, суук болушу күтүлөт.

Кыргызстанда аймактагы китепканалардын китептерин жаңылоо үчүн «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү

Кыргызстанда аймактагы китепканалардын китептерин жаңылоо үчүн «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков билдирет. Анын айтымында, иш-чаранын алкагында 27 миллион сом чогултуп, ал каражатка 108 миң китеп сатып алынды. Долбоордун алкагында 144 китепкананын китептери жаңыланды. Китепканасы жок айылдарда… Кененирээк…

Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейине жаңы жетекчи дайындалды

Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейине жаңы жетекчи дайындалды. Тийиштүү буйрукка Маданият министри Азамат Жаманкулов кол койду. Ага ылайык,  аталган музейде башкы сактоочу болуп эмгектенген Айгүл Мамбетказиева директор статусун алды. Эске салсак, музейде 27-ноябрда феминале өткөнүнө байланыштуу мурунку директор Мира Жангарачева кызматтан бошотулган.

Исфана шаарын таза суу менен камсыздоого 5 миллион евро бөлүнөт

Исфана шаарын таза суу менен камсыздоого 5 миллион евро бөлүнөт. Бул тууралуу  парламенттин маалымат кызматы билдирди. Бул багытта «Исфана шаарындагы суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү» долбоору Жогорку Кеңеште каралды. Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Келишимдин алкагында… Кененирээк…

Нарында 100 мегаваттык ГЭС куруу пландалууда

Нарында 100 мегаваттык ГЭС куруу пландалууда. Бул тууралуу аймактык башкармалыктан билдиришти. Ага ылайык, станция Нарын дарыясынын жанындагы Куланак айылында жайгашат. Жаңы курула турган ГЭС Ат-Башы суу электр станциясынан 2,5 эсе кубаттуу болоору күтүлүүдө. Учурда бул жерде геологиялык изилдөөлөр жүрүп жатат. Курулуш иштери кийинки жылдын жазында… Кененирээк…

Бул тууралуу Футбол федерациядан билдиришти

Бул тууралуу Футбол федерациядан билдиришти. Ага ылайык, жолдоштук беттеш 8:3 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилди. Оюндар 2020-жылы өтө турган футзал боюнча Азия биринчилигине даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлүүдө. Эске салсак, алгачкы жолдоштук беттеште кыргызстандык футболчулар Түркияны 5:3 эсебинде жеңип алган.