Чет өлкөлөрдөгү 47 шайлоо тилкесинде Конституция боюнча референдумга добуш берүү жүрүүдө

Чет өлкөлөрдөгү 47 шайлоо тилкесинде Конституция боюнча референдумга добуш берүү жүрүүдө. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, добуш берүүдө акыркылардан болуп Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинин аймагындагы шайлоо тилкеси (12-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 01-00дө) жана Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин аймагындагы… Кененирээк…

Түркияда эки шайлоо тилкеси ачылды

11-апрелде Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш берүү үчүн Анкарадагы элчиликте жана Стамбулдагы Башкы консулдукта эки шайлоо тилкеси ачылды. Бул эки тилкеде жалпысынан 1532 шайлоочу бар. Алардын 701и Анкарада, 831и Стамбулдагы башкы консулдукта катталган. Коронавирус пандемиясындагы чектөөлөрдөн улам Түркияда дем алыш күндөрү коменданттык… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого карата даярдык көрүү жана өткөрүүгө 425 миллионн сом жумшалды

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого карата даярдык көрүү жана өткөрүүгө 425 млн 243 миң 531 сом жумшалды. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Гүлнара Баатырова билдирди. Анын айтымында, референдумга карата даярдык көрүү жана өткөрүүгө 55 млн 642 миң 300 сом кетти. “Бишкек жана Ош… Кененирээк…

Бишкек шаардык кеңештеги 45 орунга 1820 талапкер ат салышууда

Бишкек шаардык кеңештеги 45 орунга 1820 талапкер ат салышууда. Анын 729у аялдар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка караганда, шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого 25 саясий партия талапкерлерин көрсөткөн. Башкалаада жергиликтүү кеңештерге шайлоого 419 миң 901 шайлоочу катталган. Ал эми референдумга катталган шайлоочулардын саны 420… Кененирээк…

Бүгүн референдумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону 183 эл аралык байкоочу көзөмөлдөп жатат

Бүгүн референдумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону 183 эл аралык байкоочу көзөмөлдөп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча,  200дөн ашык массалык мааалымат каражаты чагылдырууда. Шайлоо процессин 11 коомдук уюм көзөмөлдөп, дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 179 журналист каттоодон өткөн. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420… Кененирээк…

Эреже бузуулар катталса добуш берүү жокко чыгарылат

БШКнын алдындагы арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобуна 34 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу маалымат жыйында аталган жумушчу топтун жетекчиси Алмаз Асаналиев билдирди. Анын айтымында, арыздар 9-февралдан 10-апрелге чейин түшкөн. “Анын алтоосу арыз ээси тарабынан кайра кайтарылган. Аймактар боюнча Бишкектен 15, Чүйдөн 9, Ош… Кененирээк…

Кыргызстанда 17 миң 99 шайлоочу тилкеден тышкары добуш берди

Бишкекте шайлоо тилкелеринен сырткары 4 миң жаран добуш берди. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында, кечээ, 10-апрелде шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү жүргөн. “Бишкекте 228 участкалык шайлоо комиссиясы иштеп жатат. Шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү үчүн 4… Кененирээк…

Шайлоо участкаларында 11 миң милиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылууда

Шайлоо участкаларында 11 миң милиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылууда. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, күч түзүмдөрү атайын даярдыктан өткөн. Мындан сырткары, ар бир шаар, райондо аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен милициядан турган ыкчам аракет кылчу координациялык топтор түзүлгөн. Алар кырдаалга көзөмөл жүргүзүп,… Кененирээк…