Күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине кезектеги аскердик наамдар ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине кезектеги аскердик наамдарды ыйгарды.   Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын билдиришти.   Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуудагы алардын ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекет башчысы иш-чара катышуучуларын Ата Мекен коргоочулар күнү менен куттуктады.   Президенттин жарлыктарына ылайык:… Кененирээк…

Кыргызстанда район акимдеринен тышкары молдолор да ротацияланат

Кыргызстанда район акимдеринен тышкары молдолор да ротацияланат.   Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги көчмө жыйында буга чейин райондук администрациялардын башчылары аймактарга алмаштырылганын белгиледи.   Ал кошумчалагандай, Баткендеги студенттерге аймактагы университеттен тышкары Ош менен Бишкектеги окуу жайлардан билим алууга шарт түзүлөт.

Баткендеги эки аба майданга эл аралык макам берилет

Баткендеги эки аба майданга эл аралык макам берилет.   Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, сөз Баткен жана Исфана шаарларындагы аэропорттор тууралуу болуп жатат.   Маалыматка ылайык, учурда каттамдардын санын көбөйтүү иштери жүрүүдө.

Эртең Бишкектин эки конушунда таза суу болбойт

Эртең Бишкектин эки конушунда таза суу болбойт.   Мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Мурас-Ордо жана Калыс Ордо конуштарында эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин суу өчүрүлөт.   Мунун себеби суу дарбазасын жана түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.   Муниципалитет келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана… Кененирээк…

Атайын комиссия медициналык окуу жайларды текшерип баштады

Атайын комиссия медициналык окуу жайларды текшерип баштады.   Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, комиссия мүчөлөрү 15-мартка чейин медициналык билим берген мекемелерге барып жеринде клиникалык базанын колдонулушун текшерет.   Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы талапка жооп бербеген 17 жеке менчик медициналык окуу жай жабыларын айткан.

Кыргызстандан Россияга Казакстан аркылуу поезд каттамдарын жандантууга уруксат бериле элек

Кыргызстандан Россияга Казакстан аркылуу поезд каттамдарын жандантууга уруксат бериле элек.   «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.   Белгилеп кетсек, өткөн аптада казак тарап 21-февралдан тартып өзүнүн аймагы аркылуу поезд менен кыргызстандык жүргүнчүлөрдүн катташына уруксат берген.   Россияга жүргүнчү ташыган… Кененирээк…