Кыргызстанда коронавируска кабылган жарандардын 60 пайызында оору жеңил же белгиси байкалбастан өтүп жатат

Кыргызстанда коронавируска кабылган жарандардын 60 пайызында оору жеңил же белгиси байкалбастан өтүп жатат. Белгилеп кетсек, акыркы суткада инфекцияны 742 киши жуктурса, анын 632си Бишкекте катталды. Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматованын айтымында, жарандар аралыкты жана беткап тагынуу режимин сакташы зарыл. Учурда өлкөдө коргонуу каражаттарынын… Кененирээк…

Чүй облусунун Жайыл районунда жаңы бала бакча пайда болду

Чүй облусунун Жайыл районунда жаңы бала бакча пайда болду. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси Новониколаевка айылында орун алат. Бакча 100 орундуу жана анда балдарды тарбиялоого бардык шарттар түзүлдү. Долбоордун наркы 32 миллион сомду түзөт. Каражат Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан берилди

Баткен облусунда кичи ГЭС курулууда

Баткен облусунда кичи ГЭС курулууда. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объекти Кыштоо айыл аймагын электр энергиясы менен камсыздайт. Каржылоо жеке инвестор тарабынан болот. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 1 миллион долларды түзөт. Курулуш иштерин жаз башталганга чейин бүтүрүү пландалууда.

Быйыл бюджет тармагындагы кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга көбөйүшү мүмкүн

Быйыл бюджет тармагындагы кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын иш планында камтылды. Күтүлгөндөй, андан кийин бюджет кызматкерлеринин маянасы жыл сайын 20 пайызга жогорулатылат. Андан тышкары, пенсия жана пособиелердин өлчөмү дагы 50 пайызыга көбөйүшү ыктымал

Бишкекте Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөр кесилишинде суу менен камсыз кылуу системасы орнотулат

Бишкекте Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөр кесилишинде суу менен камсыз кылуу системасы орнотулат. Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, учурда жеринде жазга чейин сууну кое берүү максатында скважина казуу боюнча техника иштеп жатат. Долбоор боюнча скважинанын тереңдиги 210 метрди түзөт. Бул эки сейил бакты суу менен камсыздоого… Кененирээк…

Кыргызстандагы уюмдар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетторун электрондук түрдө берип баштайт

Кыргызстандагы уюмдар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетторун электрондук түрдө берип баштайт. Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, эреже январдан тартып күчүнө кирди. Талаптар бир гана дыйкан жана фермердик чарбаларга тиешелүү эмес. Ведомстводон белгиешкендей, уюмдар квалификациялуу электрондук кол тамганы адистештирилген операторлордон гана алуу зарыл.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору мамлекеттик жана жеке ишкерлерге жыйындарды жана жолугушууларды онлайн-форматта өткөрүүнү сунуштайт

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору мамлекеттик жана жеке ишкерлерге жыйындарды жана жолугушууларды онлайн-форматта өткөрүүнү сунуштайт. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, мындай сунуштар курчуган эпидемиологиялык кырдаалдар улам берилүүдө. Калаа бийлиги ошондой эле бардык жарандарды массалык жыйындардан алыс болуп, беткап тагынуу режимин жана арлыкты сактоого чакырат. Колдорду тез… Кененирээк…

Кайра өтө турган парламенттик шайлоого катышууну каалагандардын саны 26га жетти

Кайра өтө турган парламенттик шайлоого катышууну каалагандардын саны 26га жетти. БШКдан билдиришкендей, Биринчи май округу боюнча 10 билдирүү түшсө, Свердлов боюнча 16. Талапкерлерди жылдыруу 27-январда аяктайт. Эске салсак, ноябрдагы добуш берүүдө аталган эки округда “Барына каршы” графасы озуп кеткен. Андан улам аларда кайра шайлоо белгиленди.… Кененирээк…

Америкалык хип-хоп артист Снуп Догг хот-дог сатуу менен алектенүү ниетинде

Америкалык хип-хоп артист Снуп Догг хот-дог сатуу менен алектенүү ниетинде. Фирмалык тез тамактануу линиясы Snoop Doggs деп аталат. Бирок репер учурда жеке брендин ача элек. Ал ортодо анын жактоочулары товардык белгини каттоо үчүн арыз жазды. Эске салсак, бул артисттин биринчи бизнеси эмес. Анын жеке кулинардык… Кененирээк…

Чүй облусунун Панфилов районунда жаңы бала бакча ачылды

Чүй облусунун Панфилов районунда жаңы бала бакча ачылды. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси Кум-Арык айылында жайгашат жана ал 50 орундуу. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен билдиришкендей, объект бардык керектүү эмерек, техника жана жабдуулар менен камсыздалды. Курулуш иштерине жалпысынан 22 миллион сом жумшалды.