«Ак шумкарлардын» дарбазачысы Павел Матяш «Алга» клубуна өттү

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын дарбазачысы Павел Матяш бишкектик «Алга» клубуна өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясы маалымат таратты.   Буга чейин Матяш «Дордой» командасында ойноп келген. Дордой менен ал 2019-жылы Кыргыз Премьер-Лигасында чемпион аталган. Клуб менен футболчу 1 жылдык келишимге кол койгон. Эске салсак, Павел Матяш «Алга»… Кененирээк…

Коронавирустан коргонуу жолдору

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бир дагы учур катталбаганын белгилеп, социалдык тармактарда, ар кандай мессенжерлерден тарап жаткан маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, жалган кабарларды жайылтпоону суранат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.   Жугуштуу вирус боюнча абалга көз салуу үчүн министрликте атайын штаб түзүлдү.… Кененирээк…

Россиянын  Челябинск облусунда катталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Россиянын  Челябинск облусунда катталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка караганда, кырсык Челябинск — Троицк жолунда болгон. Анда КамАЗ менен Honda Odissey унаалары кагышкан. Жеңил унаанын ичиндеги 5 киши окуя болгон жерде каза болду. Алардын 3өө кыргызстандык, 2өө- Тажикстан менен… Кененирээк…

Ош облусунда жаңы төрөлгөн ымыркайды 5 миң долларга сатууга аракет кылган 2 аял кармалды

Ош облусунда жаңы төрөлгөн ымыркайды 5 миң долларга сатууга аракет кылган 2 аял кармалды. Бул маалыматты ОИИББдан тастыкташты. Билдирүүгө ылайык, Өзгөн районунда кармалган аялдардын бири 17-январда дени сак бала төрөгөн. 3 сутка өткөндөн кийин ал жакын тууганы экөө баланы сатып ала турган кардарларды издеп башташкан.  … Кененирээк…

Кытайдын 11 шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Өпкөнү сезгенткен жаңы вирустун жайылышын көзөмөлгө алыш үчүн Кытайдын Хубэй провинциясындагы кеминде 11 шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашкандай, Личуань, Чиби, Сяньтао сыяктуу шаарларда коомдук транспорттун каттамына чектөө киргизилди. Баш калаа Бээжинде Кытай Жаңы жылына карата бардык майрамдык иш-чаралар токтотулду.   Жаңы коронавирус… Кененирээк…

Өзбекстан президенти жакырчылыкты жоюуга 700 миллион доллар бөлүп берет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакырчылыкты жоюуга 700 миллион доллар бөлүүнү убада кылды. Ал бул тууралуу 24-январда жаңы парламенттеги кайрылуусунда билдирди.   Мирзиёевдин айтымында, Өзбекстандын 34 миллиондой калкынын 15% жетишпеген турмушта жашайт. Мирзиёев пенсия, айлык көтөрүлөрүн, ооруканаларга 2020-жылдан тарта электрондук медициналык тейлөө киргизилерин да кошумчалады.  … Кененирээк…

Ысык-Көлдө «Тез жардам» машинеси кырсыкка учурады

Ысык-Көл облусунда «Тез жардам» унаасы жол кырсыгына учурады. Бул маалыматты Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү ырастады. Милициянын билдиришинче, окуя 24-январда түшкө маал Булан-Сөгөттү айылынын кире беришинде болгон.   Дарыгерлер Корумду айылында жол кырсыгында жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жөнөп бараткан. «Тез жардам» автоунаасынын 62 жаштагы айдоочусу,… Кененирээк…