Баткен облусуна 584 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Баткен облусуна 584 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, азык-түлүк жана биринчи кезекте зарыл боло турган каражаттарды министрликтин кызматкерлери дагы, катардагы жарандар дагы жеткирип жатат. Жалпысынан, өлкө аймагында гумжардам кабыл алуучу 188 түйүн ачылган.   Эске салсак, кыргыз-тажик… Кененирээк…

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Тынчтыкка каршы кылмыштар” беренеси боюнча иш козгоду

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Тынчтыкка каршы кылмыштар” беренеси боюнча иш козгоду. Бул тууралуу учурда Баткен облусунда тергөө топторунун жана милициянын ишин координациялап жаткан Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.   Анын айтымында, аймакта атайын иликтөө тобу түзүлдү. Анын курамына бир катар күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү… Кененирээк…

Алдын ала эсептөөлөр менен тажик аскерлеринин Кыргызстанга кол салуусунан 1,5 миллиард сомго зыян келтирилди

Алдын ала эсептөөлөр менен тажик аскерлеринин Кыргызстанга кол салуусунан 1,5 миллиард сомго зыян келтирилди. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.   Анын айтымында, бул акыркы сумма эмес, жеринде тактоо иштери уланууда. Кошумчалап кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, 282 үй, 3 стратегиялык объект,… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып аскерлерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үстөктөрү жогорулайт

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып аскерлерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үстөктөрү жогорулайт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Өлкө башчы администрациясынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарында кызмат өтөгөндөргө үстөк жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин… Кененирээк…

Баткен облусунун Раззаков шаарында аэропорт кадимки тартипте иштеп жатат

Баткен облусунун Раззаков шаарында аэропорт кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаров билдирди.   Анын айтымында, жаңжал учурунда аэровокзал жабыркаган жок, штаттык режимде каттамдарды кабыл алып, жөнөтүүдө. Чиновник белгилегендей, жалпысынан кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар учурунда өлкө аэропортторунда… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган Баткен облусунун жарандарын колдоо үчүн ачылган атайын эсепке дээрлик 55 миллион сом чогулду

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган Баткен облусунун жарандарын колдоо үчүн ачылган атайын эсепке дээрлик 55 миллион сом чогулду.   Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Ведомстводон такташкандай, каражат толугу менен Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын жайгашкан айылдарын жана райондорун калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларга… Кененирээк…

Чек арадагы райондордо абал салыштырмалуу туруктуу

Чек арадагы райондордо абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдирди. Анын айтымында, учурда комиссия аймактагы чыгымдын көлөмүн тактоо иштерин улантууда.   Кооптуу болуп жаткан айылдарга эвакуацияланган жарандар кайтып келе элек. Ал эми Баткен шаарынын, Кызыл-Жол жана Бужум айылдарынын… Кененирээк…

Башкы прокуратура чек арадагы жаңжал боюнча кылмыш ишин козгоду

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы «кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси («Тынчтыкка каршы кылмыштар») менен кылмыш иши козголду» деп билдирди. Баткен облусунда мекемелер аралык тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иштерин жүргүзөрү кабарланды.   Тергөө тобунун курамына Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Башкы прокуратуранын, Аскер прокуратурасынын,… Кененирээк…

Тажик тараптын куралдуу кол салуусу учурунда жабылган жолдордун бардыгы ачылды

Тажик тараптын куралдуу кол салуусу учурунда жабылган жолдордун бардыгы ачылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Баткен облустук Жол чарбачылыгы департаментинин кызматкерлери Тажикстандын аскерлери жардырган көпүрө жайгашкан Көк-Таш – Ак-Сай унаа жолунун 7-чакырымына барып, изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Жакынкы… Кененирээк…

Баткен облусунда Тез жардам кызматынын 44 бригадасы иштеп жатат

Баткен облусунда Тез жардам кызматынын 44 бригадасы иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди. Анын айтымында, жеринде 100дөн ашык медицина кызматкери бар, бардыгы жабыркагандарга жардам берип жатат.   Белгилеп кетсек, Баткен облусуна Бишкектен жана Ош, Жалал-Абад облустарынан 89 дарыгер жөнөтүлгөн.