Алматада кыйраган учакта жабыркаган кыргызстандыктын абалы канааттандыраарлык

Алматада кыйраган учакта жабыркаган кыргызстандыктын абалы канааттандыраарлык. Биздин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 36 жаштагы жаран травматология ооруканасына жеткирилди.   Эске салсак, Алматадан Нур-Султанга бет алган  аба кемеси бүгүн эртең менен кыйрады. Ал курулуп жаткан имаратка кулады. Бортто 98 адам болгон. Учурга карата 15 киши… Кененирээк…

Бишкектиктердин басымдуусу жаңы жылдык эс алууларда тоого лыжа тепкени барышат

Бишкектиктердин басымдуусу жаңы жылдык эс алууларда тоого лыжа тепкени барышат. Биздин кабарчылардын сурамжылоосуна ылайык, эс алуунун активдүү түрү эң эле популярдуу болуп саналат.   Айрымдары жакындары менен киного барып, сейилдөөнү пландап койсо, кээ бирлери жумуштан чарчагандыктан,  7 күн бою үйдөн чыкпай коюну туура көрүүдө. Сурамжылоого… Кененирээк…

Жаңы жыл түнү Бишкекте коомдук транспорт таңкы 4кө чейин каттайт

Жаңы жыл түнү Бишкекте коомдук транспорт таңкы 4кө чейин каттайт. novosti.kgге Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чечим бишкектиктердин ыңгайлуулугу үчүн кабыл алынды.   31-декабрдан 1-январга караган түнү ордо калаада автобустар, троллейбустар жана маршруттук таксилер бардык багыттар боюнча жүрөт.

Мыкты студенттерге 50 миң сомдон тапшырылды

Мыкты студенттерге 50 миң сомдон тапшырылды. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн жогорку окуу жайлардын артыкчылыкка ээ болгон студенттерин кабыл алып, куттуктады. Президенттик стипендияга  74 студент арзыды.   Алардын ар бирине ардак грамота жана 50 миң сомдон берилди.

“Жеткиликтүү турак-жай” программасынын катышуучулары жаңы батирлерге көчүп кире баштады

“Жеткиликтүү турак-жай” программасынын катышуучулары жаңы батирлерге көчүп кире баштады. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, ордо калаанын “Тунгуч” кичи районунда 9 кабаттуу үй колдонууга берилди.   Бюджеттик мекемелерде иштегендерге батир сатып алуу кыйынга тургандыктан, дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер турак-жайды “кийин сатып алшуу шарты менен ижара”… Кененирээк…

Айрым салык процедураларын автоматташтыруу системасы кечеңдеп жатат

Айрым салык процедураларын автоматташтыруу системасы кечеңдеп жатат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Кийинки жылдын 1-апрелине чейин электрондук эсеп-дүмүрчөктөрдү милдеттүү колдонуу долбоору жылдырылса, күйүүчү май куюу бекеттеринде автоматташкан системаны киргизүү долбоору 1-июлга чейин жылдырылды.   Муну менен, өкмөт жеке ишкерлерге иштин жаңы форматына оңой өтүү мүмкүнчүлүгүн… Кененирээк…

Кыргызстанда  экстремисстик сайттар жабылды

Кыргызстанда  экстремисстик сайттар жабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аларды аныктоо үчүн Интернеттеги социалдык түйүндөрдө мониторинг жүргүзүлгөн.   Натыйжада соттун чечими менен 44 сайт жана 10 аккаунт тосмо коюлду. Быйыл диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын жайылтууга шектүү катары 316 адам… Кененирээк…

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевге жана жалпы элине авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевге жана жалпы элине авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.   Эске салсак, Алматадан  Нур-Султанга бет алган  аба кемеси бүгүн эртең менен кыйрады. Ал курулуп жаткан имаратка кулады. Бортто 98 адам болгон. Алардын арасында бир… Кененирээк…

Калифорнияда Жаңы жылга карата полиция айдоочуларды жыргатып атат

Калифорнияда Жаңы жылга карата полиция айдоочуларды жыргатып атат. Анча чоң эмес эреже бузуулар үчүн аларга 100 доллардан берилүүдө. Мындай болуп көрбөгөндөй, берешен акциясы “Капысынан жасалган жакшылыктар” программасынын алкагында ишке ашып жатат.   Айдоочулар таң калып, дароо ишене бербей атса, күтүүсүздөн алган акчалай белегине кубанып, жаш… Кененирээк…

Бишкек мэриясы Жаңы жылга карата майрамдык программа даярдады

Бишкек мэриясы Жаңы жылга карата майрамдык программа даярдады. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртеңден тарта ордо калаанын төрт районунда тең шаар тургундарына жарманкелер, элдик сейилдөөлөр жана шоу-программалар уюштурулуп баштайт.   31-декабрда Ала-Тоо аянтында кечки саат 8де майрамдык концерт тартууланат.