Улуу Британия бийлиги семирүү менен күрөшүүнүн алкагында зыян азыктарды сатууга тыюу салуу ниетинде

Улуу Британия бийлиги семирүү менен күрөшүүнүн алкагында зыян азыктарды сатууга тыюу салуу ниетинде. Бул тууралуу The Guardian маалымдайт. Алсак, дүкөндөрдө чипсы жана газдалган суусундуктар менен текчелер алына баштайт.   Ал эми ресторандарга таттуу суусундуктарды акысыз берүүгө тыюу салынды. Жаңы эрежелер 2022-жылы күчүнө кирет.

Бишкекте эң чоң бульвар пайда болот

Бишкекте эң чоң бульвар пайда болот. Бул тууралуу өзүнүн социалдык баракчасында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жарыялады.   Маалыматка ылайык, ири эс алуучу жай ордо калаанын Масалиев көчөсү менен Айтматов проспектинин кесилишинде жайгашат.   Бульвар космосту чагылдыруу менен курулат деп пландалууда.

Уй жылында айыл-чарба иштерин өнүктүрүп, ушул жаатта жаңы технологияларды киргизүү сунушталат

Уй жылында айыл-чарба иштерин өнүктүрүп, ушул жаатта жаңы технологияларды киргизүү сунушталат. Ошондой эле, 2021-жыл чыгармачылыктагы адамдарга ийгилик алып келет.   Бирок иши жоктор үчүн кыйын болот, уй чарбачылыкка, кара жумушка жакын жаныбар, андыктан кийинки жылы дагы талыкпай эмгектенүү керек. Ошондой эле, саясатчыларга дагы оор болот,… Кененирээк…

Бишкекте эң чоң бульвар пайда болот

Бишкекте эң чоң бульвар пайда болот. Бул тууралуу өзүнүн социалдык баракчасында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жарыялады. Маалыматка ылайык, ири эс алуучу жай ордо калаанын Масалиев көчөсү менен Айтматов проспектинин кесилишинде жайгашат.   Бульвар космосту чагылдыруу менен курулат деп пландалууда.

Бишкекте кытайлык гранттын эсебинен 6 көчөдө оңдоо иштери башталды

Бишкекте кытайлык гранттын эсебинен 6 көчөдө оңдоо иштери башталды. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Ташкент, Кокчетав, Новая, Сухэ-Батор, Каркыра жана Жайыл Баатыр көчөлөрү калыбына келтириле баштады.   Жалпысынан, 9 чакырым жол катмары оңдолот.

Кыргызстан өзүн маанилүү 3 азык менен гана камсыздай алат

Кыргызстан өзүн маанилүү 3 азык менен гана камсыздай алат.   Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин бөлүм башчысы Анаркүл Бекболиева билдирди. Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугу тизмесине 9 продукция кирет.   Алар – нан, эт, кумшекер, бакча өсүмдүктөрү, картөшкө, мөмө-жемиш, жумуртка, сүт жана суу май. Кыргызстанда булардын ичинен… Кененирээк…

Астрологдор жаңы жылдык түндө кандай тамактарды даярдоо керектигин айтып беришти

Астрологдор жаңы жылдык түндө кандай тамактарды даярдоо керектигин айтып беришти. 2021-жыл мол болсун деп, дасторконду кенен жаюу сунушталат. Бирок уй этинен тамак жасоонун кереги жок.   Муну менен жылдын ээсинин жинине тийип алса болот. Андан көрө канаттуулардын, балык этин тандоо керек. Уй жылында дасторконго сөзсүз… Кененирээк…

Ошто жаңы жылды кайрадан майрамдоону чечишти

Ошто жаңы жылды кайрадан майрамдоону чечишти. Түштүк калаанын мэриясынан билдиришкендей, коронавирус пандемиясына байланыштуу, балдарды топ-топко бөлүп куттукташууда.   Концерттер 31-декабрга чейин күн сайын өткөрүлөт. Алгачкысы кечээ өтүп, ага окуунун мыктылары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары катышты. Аларга концерттен кийин таттуу белектер ыйгарылды.

Баткендин Кызыл-Дөң аймагында жаңы мектеп курулууда

Баткендин Кызыл-Дөң аймагында жаңы мектеп курулууда. Турмуштун маалыматына ылайык, 375 окуучуга чакталган орто билим берүү мекемесинин курулушу 70 пайызга аяктады.   1 миллион сомду чет элдик донорлор бөлүп берген. Мектеп кийинки жылы окуучулар үчүн каалгаларын ачат деп пландалууда.

Кыргызстанда кайрадан эттин баасы кымбаттап жатат

Кыргызстанда кайрадан эттин баасы кымбаттап жатат. Бул тууралуу Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди. Анын айтымында, ноябрда уй этинин баасы кескин көтөрүлдү.   Килограммына 280 сомдон 400гө чейин. Декабрдын башында баа бир аз төмөндөп, 360 сомго жеткен. Бирок учурда кайра кымбаттоо байкалууда. Адистер мунун себебин такташууда.… Кененирээк…