Бишкектеги карантиндик аймак башка райондорго дагы жылдырылат

Бишкектеги карантиндик аймак башка райондорго дагы жылдырылат. Ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиевдин айтымында, учурда 7-апрель, Ахунбаев, Бакаев, Салиева, Осмонкул көчөлөрүн, Жибек Жолу проспекти жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймак жабык. Кийин башка аймактар дагы дезинфекцияга чектелет.   Эске салсак, учурда тазаланып жаткан көчөлөргө унаалар… Кененирээк…

Токиодо жылдырылган Олимпиада оюндарынын өтө турган күнү жакынкы 3 жумада белгилүү болот

Токиодо жылдырылган Олимпиада оюндарынын өтө турган күнү жакынкы 3 жумада белгилүү болот. Киодо агенттигинин маалыматына ылайык, мындай чечимди Эл аралык олимпиада комитети кабыл алды.   Оюндар 24-июлдан 9-августка чейин өтмөк, бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен, Олимпиада жылдырылган болчу.

Бишкекти дезинфекциялоо үчүн кальций гипохлоритинин кошулмасы колдонулууда

Бишкекти дезинфекциялоо үчүн кальций гипохлоритинин кошулмасы колдонулууда. Бул тууралуу Ордо калаанын санэпидем көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айгүл Бейшенова билдирди.   Анын айтымында, бул кошулма адамдар жана айлана-чөйрө үчүн кооптуу.

Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддын соттору ишин токтотту

Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддын соттору ишин токтотту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма-сөз кызматынан билдиришти. Мындай чечим коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу.   Андан тышкары, Чүй облусунун райондук жана облустук соттору  дагы иштебейт. Адилет органдары бир жумалык карантинге чыгууда. Бирок сот имараттарында күнү-түнү нөөмөт уюштурулат.

Бишкекте коменданттык саат эрежелерин бузган 157 адам кармалды

Бишкекте коменданттык саат эрежелерин бузган 157 адам кармалды. Тартип бузгандар тиешелүү айып төлөп бошотулат. Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев маалымдады.   Бишкекке жалпы жонунан 120 пост коюлган. Анын ичинен 79у санитардык-карантиндик, ал эми 41 пост шаарды курчап турат.   15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска каршы атайын эсепке түшкөн акчанын жалпы суммасы  49 миллион  520 миң  сомду түздү

Кыргызстанда коронавируска каршы атайын эсепке түшкөн акчанын жалпы суммасы  49 миллион  520 миң  сомду түздү. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.   Эсеп илдетке каршы күрөш иштерин жүргүзүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөрдү жана кайтарымсыз каражаттарды кабыл алуу үчүн ачылган.   Кыргызстанда 27-мартка… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Красная Горка-Ак-Таш, Казарман-Актал-Чат жана Каракол-Эңилчек трассаларында түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.

Ошто 28 кичи автобус күн сайын дарыгерлерди ташып жатат

Ошто 28 кичи автобус күн сайын дарыгерлерди ташып жатат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, алар 8 оорукана жана 12 үй-бүлөлүк медицина борборлорун тейлөөдө.   Мэрдин буйругу менен алар медицина кызматкерлерин үйлөрүнөн алып келип, кайра жеткирүүдө. Күйүүчү-майлоочу материал менен муниципалитет камсыздап жатат.

Кыргызстанда коронавирустан улам түзүлгөн кырдаал социалдык төлөмдөрдүн тартибине тоскоолдук жараткан жок

Кыргызстанда коронавирустан улам түзүлгөн кырдаал социалдык төлөмдөрдүн тартибине тоскоолдук жараткан жок. Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдиргендей, эмгек акы, жөлөкпул боюнча бардык төлөмдөрөз убагында берилип жатат.   Буга чейин өлкө жетекчилиги дүйнөдөгү коронавирус пандемиясы Кыргызстандын экономикасына терс таасир тийгизип жатканын айтып, Эл аралык Валюта Фондунан, Европа… Кененирээк…

Швейцария Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Швейцария Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү.   Бул өлкөнүн элчилигинен билдиришкендей, Бишкектин Биринчи май райондук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун көчмө бригадаларына 3 миллион сомдук эпидемияга каршы коргонуучу костюмдар, беткаптар, көз айнектер, мээлейлер, антисептиктер жана башка каражаттар тапшырылды.   Буга чейин гумжардам Кытай тараптан көрсөтүлгөн болчу.