Бишкек мэриясы 437 окуучуну Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү

Бишкек мэриясы 437 окуучуну Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү. Жалпысынан 3 агым уюштурулат.   Биринчи партия Сары-Ой айылындагы эс алуу комплексине барды. Жолдомолор аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары жана жетим балдар арасында бөлүштүрүлдү.   Тизмени райондук комиссиялар түзгөн.

Бишкекте 2,5 миң тиричилик керектөөчүсү карыздары үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн

Бишкекте 2,5 миң тиричилик керектөөчүсү карыздары үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, ордо калаада дебитордук карыздын жалпы суммасы 5 миллион сомдон ашат.   Эртең автоматташкан система карызы бар керектөөчүлөрдү аралыктан өчүрүп баштайт.   Ыңгайсыздыктары алдын алуу максатында, жарандарга эсептерди жабуу сунушталат. Төлөмдөрдү терминалдар… Кененирээк…

Фарид Ниязов 10-августка чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду 10-августка чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.   Бул тууралуу «Азаттыкка» Ниязовдун адвокаты Замир Жоошев билдирди.   «Өткөндө райондук сот Ниязовдун баш коргоо чарасын 10-августка чейин узартуу боюнча чечим кабыл алган.… Кененирээк…

«ПСЖ» клубу Лионель Мессиге келишим сунуштады

Франциянын «ПСЖ» футболдук клубунун жетекчилиги 34 жаштагы аргентиналык футболчу Лионель Мессиге келишим сунуштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.   Бирок Месси азыркы учурда улуттук курама командасы менен Америка Кубогунда оюн өткөрүү менен алек. «Барселона» клубу дагы Месси менен тыгыз байланышта. Мессиге «ПСЖ»… Кененирээк…

Максатта кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу башталды

Баткендин Лейлек районуна караштуу Максат айылында куралдуу чек ара жаңжалында кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу башталды. Ага ылайык, Түркиядан келген жеңил типтеги тамдар кураштырылат. Ушул тушта төрт үйдүн пайдубалы салынып, дубалын бириктирүү башталды.   Президент Садыр Жапаровдун Баткендеги атайын өкүлү Мамыржан Рахимов 5-июлда “Азаттыкка” жаңжалда… Кененирээк…

Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шайлоого даярдык иштери дээрлик жыйынтыкталды

Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шайлоого даярдык иштери дээрлик жыйынтыкталды.   БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдиргендей, добуш берүүгө урналар шайлоо тилкелерине жеткирилди, учурда операторлор жабдууларды текшерүүдөн өткөрүп жатат.   Бюллетендер болсо аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылган. Эске салсак, жалпысынан 3 шаарда 300дөн ашык участок ачылат. Добуш… Кененирээк…

Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан үрөйдү учурган 3 кабаттуу  имараттын сырты оңдолот

Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан үрөйдү учурган 3 кабаттуу  имараттын сырты оңдолот. Бул тууралуу Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев билдирди.   Анын айтымында, райондун администрациясы ремонттук иштерди каржылоого даяр демөөрчүлөрдү таба алды. Имараттын маңдайкы бөлүгүн калыбына келтирүү жакынкы арада башталат.   Эске салсак, мекеменин сырткы… Кененирээк…

Кыргызстанда аномалдуу ысык аба-ырайы жума күнгө чейин созулат

Кыргызстанда аномалдуу ысык аба-ырайы жума күнгө чейин созулат.   Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эс алуу күндөрү аба табы 1-2 градуска төмөндөп, +35 градусту көрсөтөт.   Ал эми 7-8-июнь эң аптаптуу болот деп күтүлүүдө. Бул күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 41 градус, Таласта 39 градус ысык… Кененирээк…

Кыргызстан вакцинация жөнүндө 20 мамлекеттин сертификатын тааныйт

Кыргызстан вакцинация жөнүндө 20 мамлекеттин сертификатын тааныйт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, тизмеге Улуу Британия, Венгрия, Россия, Грузия, АКШ, Өзбекстан жана башка өлкөлөр кирди.   Ошондой эле, Кыргызстан аймагына ПЦР-тестти тапшыргандар тоскоолдуксуз кире алат.

Ири соода тармактарында кумшекер жана суу майдын баасы арзандатылды

Ири соода тармактарында кумшекер жана суу майдын баасы арзандатылды.   Бул тууралуу Монополдукка каршы мамлекеттик кызматынан билдиришти. Дүкөндөр кумшекердин наркын 63 сомдон 55 сомго, ал эми суу майды литрине 15-20 сомго төмөндөтүшү керек.   Ведомстводон белгилешкендей, жакынкы күндөрү базар жана башка дүкөндөргө дагы бааларды түшүрүү… Кененирээк…