Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдетинен 349 жаран сакайып чыкты

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдетинен 349 жаран сакайып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда: Бишкек – 200 Ош шаары – 6 Чүй облусу – 97 Ош облусу – 2 Талас облусу – 0… Кененирээк…

Кыргыз жарандарын чет өлкөгө чыгарда өз өмүрүн камсыздандыруу милдеттендирилет

Чет жакта жашаган кыргызстандыктар арасында каза болгондордун саны жыл сайын 300гө чамалап жатат. Бул тууралуу чет өлкөгө чыгып жаткандардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун негиздемесинде жазылды.   Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакпаев иштеп чыккан долбоор 12-майда парламенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. Негиздемеде… Кененирээк…

Чек арада көзүнө ок жеген кыргызстандык операция жасатуу үчүн Түркияга жөнөтүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркагандардын бири 38 жаштагы Чыңгыз Каработоев 14-майда операция кылдыруу үчүн Түркияга учуп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.   Маалыматка караганда, жабырлануучу Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интернационал айылынын жашоочусу. Ал куралдуу кагылышуу учурунда оң көзүнө ок жеп, 30-апрелден… Кененирээк…

Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 14-15-майда Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат.   Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы бир катар айыл чарба ишканаларынын ачылышына катышып, алардын ишмердиги менен таанышат.

Индияда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 24 миллиондон ашты

Индияда акыркы сутка ичинде 343 миң 144 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Муну менен өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 24 миллион 46 миң 809 адамды түздү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.   Андагы маалыматка… Кененирээк…

Илон Масктын кирешеси бир апта ичинде дээрлик 20 миллиард долларга азайды

Tesla компаниясынын башкы директору Илон Масктын кирешеси 20 миллиард долларга азайды. Бул тууралуу Форбес журналы акыркы апта ичиндеги эсептөөлөрүнүн негизинде жазып чыкты.   Маалыматка караганда, Масктын байлыгы акыркы апта ичинде дээрлик 20 миллиард 500 миллион доллардан 145 миллиард 500 миллион долларга чейин түшүп кеткен. Tesla компаниясынын акциялары… Кененирээк…

Лондондо 4 миллиард жыл болгон метеорит көргөзмөгө коюлат

Лондондогу табигый тарых музейинде 4 миллиард 500 миллион жыл болгон метеорит көргөзмөгө коюлат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, бул метеорит ушул жылдын февраль айында Англиянын батыш тарабынан табылган. Окумуштуулардын айтымында, ага болжол менен 4 миллиард 500 миллион жыл болгон.   «Бул метеориттин… Кененирээк…

Милиция ыктыярчыларга эскертүү берди

Бишкекте ыктыярчылар менен кайырчылар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга алардын жол тыгынын жаратып жатканы тууралуу маалыматтар себеп болгонун Милициянын кайгуул кызматы кабарлады. Ага ылайык, айдоочулар милиционерлерге кайыр сурагандар чоң көчөлөрдө тыгын жаратып, кээде кырсыкка да учуратып жатканын айтып кайрылышкан. Ошондой эле алардан айланып өтөбүз деп… Кененирээк…

Адылбек Касымалиев президент аппаратынын жетекчисинин орун басары болду

Адылбек Касымалиев президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 14-майда кол койду.   61 жаштагы Касымалиев 2015-2018-жылдары Кыргызстандын финансы министри болуп иштеген. Ага чейин өлкөнүн Салык кызматын жетектеген, экономика министринин орун басар кызматын аркалаган.   2019-жылы Кумтөр кени боюнча канадалык… Кененирээк…

БШК Рысалиевди депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 14-майда «Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиевдин депутаттык мандатынан ажыратты. Анын мандаты Өскөнбай Жээнбаевге тийди.   БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, Рысалиев мандатынан баш тартып, Боршайкомго өзү арыз жазган. Мындан тышкары анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга Бишкектин… Кененирээк…