Бразилияда баңги зат сатуучуларына жардам берип келген тоту куш камакка алынды

Бразилияда баңги зат сатуучуларына жардам берип келген тоту куш камакка алынды. Кылмышкерлер канаттууну полиция келип калса, кабар берип турууну үйрөтүп коюшкан.   Тартип сакчылар кирип келгенде тоту куш “Апа, полиция” деп кыйкырып турган. Канаттуу кылмышкерлерден тартып алынгандан кийин жергиликтүү зоопаркка тапшырылды.

29 жаштагы химия мугалими Максат Абилов Жалал-Абад шаарынын мыкты мугалими деп аталды

29 жаштагы химия мугалими Максат Абилов Жалал-Абад шаарынын мыкты мугалими деп аталды. Жеңиш үчүн ага баш байге ыйгарылды – унаа жана Ысык-Көлгө жолдомо.   Абиров 6 жылдан бери окуучуларга билим берип келет. Бул убакыт аралыгында анын 13 окуучусу шаардык жана облустук олимпиадаларда химия сабагы боюнча… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаңы бала бакча колдонууга берилди

Жалал-Абадда жаңы бала бакча колдонууга берилди.   Эки кабаттуу имараттын курулушуна 7,5 миллион сом жумшалды. Каражат жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн.   Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 180 бөбөккө чакталат. Курулуш компаниялары бакчаны керектүү эмерек жана идиштер менен камсыздап берди.

Милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө

Милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мындай режим алдыдагы май майрамдарына байланыштуу. Тартип сакчылар коомдук коопсуздукту камсыздайт.   Стратегиялык маанилүү объектилер, анын ичинде ооруканалар, ишканалар өзгөчө коргоого алынат. Жалпысынан май майрамдарында коомдук коопсуздукту сактоого 8 миң милиция кызматкери тартылат.

Көптөн күткөн “Аватар-2” тасмасы ушул жылдын декабрында тартууланат

Көптөн күткөн “Аватар-2” тасмасы ушул жылдын декабрында тартууланат. Бул тууралуу анын режиссеру Джэйм Кэмерон жарыялады. Сиквелдин башкы урааны – “Суу жолу”. “Аватар-2де” биринчи тасмадан 7 жыл өткөндөн кийинки окуялар көрсөтүлөт.   Башкы каармандар Джейк жана Нэйтири Пандорада бактылуу жашап жатканда, планетага адамдар кол салат.  … Кененирээк…

Бишкектин көчөлөрүндөгү люктардын капкактарына ар кандай сүрөттөр тартылды

«Бишкек жылуулук» ишканасы Эмгекти коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата акция уюштурду. Анын алкагында шаардагы люктардын капкактарын креативдүү жана кооз кылып жасалгалашты.   Мындай акциянын максаты шаардыктардын коопсуздугун креативдүү жол менен камсыздоо. «Кооздолуп жасалган люктар көзгө дароо көрүнөт жана кырсыктардын алдын алат. Ошол эле учурда шаардыктарга… Кененирээк…

Илон Маск эми Coca-Cola компаниясын сатып алышы мүмкүн

Америкалык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Coca-Cola компаниясын сатып алуу ниетин билдирди. Бул тууралуу анын Твиттерге жазган билдирүүсүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.   «Кокаинди кайра алып келүү үчүн (суусундуктун курамына) эми Coca-Cola компаниясын сатып алам», — деп жазган ал. Анын бул… Кененирээк…

Ош шаарына кошумча электр тармактар ишканасы курулат

Ош шаарында «Батыш РЭТ» имаратынын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу «Ош электр» ишканасынан кабарлады.   Аталган ишкананы куруу максаты — Ош шаарынын элин электр энергиясы менен сапаттуу камсыз кылуу. Иш-чарага энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, жергиликтүү бийлик, энергетика тармагынын ардагерлери жана «Ош электр»… Кененирээк…

Андижан шаарынын тургундарына 1 ай бою күн сайын андижан полькасын бийлөө тапшырмасы берилди

Андижан шаарынын тургундарына 1 ай бою күн сайын андижан полькасын бийлөө тапшырмасы берилди.   Болгондо дагы, ар бир бий видеого тартылып, бийлик өкүлдөрүнө жөнөтүлүп турат. Жергиликтүү ММКлар жазышкандай, мындай чечим андижан полькасына быйыл 100 жыл болгонуна байланыштуу кабыл алынды. Чиновниктер өздөрү дагы күн сайын бийлеп… Кененирээк…

Эртең Бишкек туулган күнүн белгилейт

Эртең Бишкек туулган күнүн белгилейт. Ордо калаага 144 жыл толот. Майрамдын урматына мэрия шаар тургундары жана коноктору үчүн кызыктуу программа даярдады. 4 райондо тең ар кандай сынактар, спорт мелдештери жана көргөзмөлөр орун алат.   Ала-Тоо аянтында кечки саат 7де майрамдык концерт башталып, ага эстрада ырчылары… Кененирээк…