2020-жылдан тартып Австрияга виза Бишкектен бериле баштайт

2020-жылдан тартып Австрияга виза Бишкектен бериле баштайт. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 5-январдан тарта Австриянын Казакстандагы элчилиги Нур-Султан шаарында документтерди кабыл алуучу VFC борбору ачылат.   Бишкекте да анын бөлүмү иштейт. Ал Ибраимов көчөсү,  103 дарегиндеги бизнес борбордо жайгашкан. Виза алуу үчүн алдын ала интернет аркылуу арыз… Кененирээк…

Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө

Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө. Браконьерчиликти, айлана-чөйрөгө зыян алып келүү  жана бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу учурларын алдын-алуу максатында Кыргызстандын бардык аймактарында рейддер жүрүп жатат.   Ведомство эскертет: мыйзамсыз аңчылык жана балык улоонун эрежелерин бузуу үчүн 1 миллион сомго чейин айып салынып, 5 жылга… Кененирээк…

Унааларды каттоо түйүндөрүнүн иш убактысы узартылды

Унааларды каттоо түйүндөрүнүн иш убактысы узартылды. Мамлекеттик бажы кызматынан эскертишкендей, 31-декабрга чейин машинелерди жеңилдетилген ставкалар менен өлкөгө киргизүү мөөнөтү аяктайт.   Андыктан, “Северная” жана “Северо-Восточная” бажы түйүндөрү 20-31-декабрь аралыгында түнкү 12ге чейин жана дем алышсыз иштейт. Бул унааларды үчүнчү өлкөлөрдөн жеке колдонуу үчүн киргизип жаткан… Кененирээк…

31-декабрда Бишкектин борбордук бөлүгү кыймылга жабылат

31-декабрда Бишкектин борбордук бөлүгү кыймылга жабылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Нур Сатыбалдиевдин айтымында, Чүй проспектинин Эркиндик гүлбагынан Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси жабык болот.   Чектөөлөр кечки саат 6да киргизилет. Милиция айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландаштырып алууну сунуштайт. Эске салсак, 31-декабрда Ала-Тоо… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында 18-декабрда болгон жаңжалга байланыштуу кылмыш иши козголду

Кыргыз-тажик чек арасында 18-декабрда болгон жаңжалга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24 агенттигине вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.   Анын айтымында, аскер кызматкерлеринин жана жай тургундардын ок жарааттарын алганы кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бир нече берене боюнча катталды. Тергөөнү ведомство аралык топ жүргүзүүдө. Ага… Кененирээк…

“Бириккен күрөш дүйнөсү” эл аралык уюму Айсулуу Тыныбекованы жылдын тарых жаратуучусу деп тапты

“Бириккен күрөш дүйнөсү” эл аралык уюму Айсулуу Тыныбекованы жылдын тарых жаратуучусу деп таптты. Уюмдун инстаграм баракчасында кыргызстандык спортчунун ийгиликтүү беттештери  жүктөлдү.   Белгилеп кетсек, “Бириккен күрөш дүйнөсү”  күрөштүн олимпиадалык түрүн өнүктүрүп келет. Айсулуу Тыныбекова бул жылы күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды.

Бишкектин борборунда жаңы жылдык жарманке ачылды

Бишкектин борборунда жаңы жылдык жарманке ачылды. Бул жерде каалоочулар жакындарына каалаган белектерин таба алат, алсак – кооз бумдар, таттуулар, кол менен жасалган идиштер, сувенирлер жана экологиялык табигый азыктар бар.   Ошондой эле, бул жерде автобус, троллейбустарда жүрүү үчүн карталарды акысыз алса болот. Бүгүнтөн тарта “Тулпар”… Кененирээк…

Экологдор Жаңы жылда петардаларды жардыруудан баш тартууга чакырат

Экологдор Жаңы жылда петардаларды жардыруудан баш тартууга чакырат. Алардын айтымында, экологиялык абалды эске алып, ар бир үй-бүлө салют, фейерверктерди албай койсо, аз болсо дагы, шаардын таза абасына салым кошкон болот.   Анын үстүнө салют, фейерверктерди жардыруу ден-соолукка кооптуу дагы келет.

Жаңы жыл түнү Бишкекте 130 метр бийиктикке чейин учкан фейерверктер аттырылат

Жаңы жыл түнү Бишкекте 130 метр бийиктикке чейин учкан фейерверктер аттырылат. Бул тууралуу Токой чарбачылыгы башкармалыгынын аймактык начальниги Аязбек Кыдыргычек билдирди.   Ал түшүндүргөндөй, мындай бийиктикке салютту аттырганда, түтүн абада туруп калбай, шамал менен учуп кетет. Белгилеп кетсек, 31-августта мэрия Ала-Тоо аянтында 600 миң сомго… Кененирээк…

Баткен жана Талас облустарынын 146 миң жашоочусу таза суу менен камсыздалат

Баткен жана Талас облустарынын 146 миң жашоочусу таза суу менен камсыздалат. Бул максатта “Айыл жергесинде санитарияны жана суу камсыздоо системасын өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу пландалууда.   Жогорку Кеңештин расмий сайтында жазылгандай, Сауд фонду менен макулдашуунун алкагында  30 миллион долларлык насыя берилет. Мыйзам долбоор үчүнчү окууда… Кененирээк…