Боом капчыгайында сел жүрдү
Боом капчыгайында сел жүрдү. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жол бир тарапту гана ачык. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 121-чакырымында учурда жол кызматтары иштеп жатат. Ошондой эле, селден улам Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок жолунда каттамдар жабылып жатканы айтылды. Тазалоо иштери жүрүүдө.