АКШда таз баш адамдар үчүн атайын социалдык тармак түзүлдү

АКШда таз баш адамдар үчүн атайын социалдык тармак түзүлдү. Демилгечинин айтымында, сервис чачы жок калган адамдарга экинчи жарын табууга жардам берет.   Социалдык тармактын функциялары кадимки тармактардыкындай эле. Колдонуучулар бири бири менен баарлашып, жакпай калганын блокко салып, сүрөттөргө класс басышат.

5-6-октябрдагы окуяларда каза тапкан Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө Бишкек мэриясы батир берет

5-6-октябрдагы окуяларда каза тапкан Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө Бишкек мэриясы батир берет. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Ага ылайык, маркумдун үй-бүлөсүнө муниципалдык менчиктеги батирлердин бирин берүү суроосу каралып жатат.

Мас болуп калган тыйын чычкандар менен видео интернетте популярдуу болууда

Мас болуп калган тыйын чычкандар менен видео интернетте популярдуу болууда. Миннесота штатынын тургуну эс алуу багындагы тыйын чычкандарга алмурут алып келип берген.   Аны жеген жаныбарлардын көзү тумандап, ары бери жыгылып, баса албай калган. Көрсө, алмурут көптөн бери жер төлөдө сакталып, ачый баштагандыктан, ушундай реакция… Кененирээк…

Алай районунда социалдык шаарча курулууда

Алай районунда социалдык шаарча курулууда. Ош облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анда 64 аз камсыздалган үй-бүлө жайгаштырылат. Аларды тандоо үчүн атайын комиссия түзүлөт.   Артыкчылык жалгыз бой энелерге берилет. Үйлөрдө бардык шарттар каралат. Ал эми шаарчанын жанында тигүү цехин куруу пландалууда.

Санкт-Петербургда кыргызстандыктар үчүн учууга камынган аба кемеси терминалга кайтууга аргасыз болду

Санкт-Петербургда кыргызстандыктар үчүн учууга камынган аба кемеси терминалга кайтууга аргасыз болду. Мекендештер учакта орун талашып мушташа кетти. Тартип бузуучулар каттамдан четтетилип, учак бир сааттан кийин гана асманга көтөрүлдү.   Бортто 145 жүргүнчү бар болчу. Абалды чечүү үчүн тартип сакчылар тартылды.

Таласта оорукананы куруу боюнча аткарылган иштердин баасы атайлап жогорулатылган

Таласта оорукананы куруу боюнча аткарылган иштердин баасы атайлап жогорулатылган. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, капиталдык курулуш башкармалыгынын адиси менен жеке компаниянын жетекчиси коррупциялык схема түзүп алган.   Мыйзамсыз аракеттерден 900 миң сомго зыян келтирилди. Кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу бересеси менен кылмыш иши козголду.  … Кененирээк…

Президенттикке талапкерлерди жылдыруу этабы жыйынтыкталды

Президенттикке талапкерлерди жылдыруу этабы жыйынтыкталды. БШКдан билдиришкендей, 14-ноябрга карата 65 арыз келип түштү. Алардын көбү коммерциялык эмес уюмдарда иштегендерди түзөт.   Тизмеде ошондой эле, убактылуу жумушу жоктор, мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар жана пенсионерлер бар.   Талапкерлердин жаш курагы 35тен 65ке чейин.   Кийин 9 талапкер кыргыз… Кененирээк…

Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп жатат

Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Мэриядан эске салышкандай, суук тушкөндө туруктуу жашаган жери жок жарандар үчүн, борбордо муниципалдык баш калкалоочу жайлар күчөтүлгөн режимде ишөөдө.    Аларда ысык тамак берилип, түнөп кетүү үчун орундар түзүлгөн. Куткаруучулардын, медайымдардын нөөмөтү дагы уюштурулат.

Гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевди сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарында Гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Коштошуу зыйнатына маркумдун жакын санаалаштары, кесиптештери, манасчылар жана жарандык активисттер катышты. Алар Шабданбек Кулуевдин жаратмандыгын, адамгерчилигин жана мыкты сапатын эскеришти. Шабданбек Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган. Ал 1966-жылы Кыргыз… Кененирээк…

Бишкекте кинотеатрлар 1-декабрдан тарта ачылат

Бишкекте кинотеатрлар 1-декабрдан тарта ачылат. Бул тууралуу 24 агенттигине мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү чечим Республикалык штабга жөнөтүлүп, алар дагы өз кезегинде уруксат берди.   Бирок залдар 50 пайызга гана толтурулуп, санитардык талаптар сакталышы керек. Сан.нормалар боюнча атайын алгоритм иштелип чыкты,… Кененирээк…