Жыл аягына чейин Бишкекте таштандачы сорттоочу завод курулат

Жыл аягына чейин Бишкекте таштандачы сорттоочу завод курулат.   Бишкек шаарынын вице-мэри Максат Сазыкуловдун айтымында, курулуш 2022-жылдын III кварталына чейин аяктайт.   Маалыматка ылайык, ишкана Евразия өнүктүрүү банкынын долбоору менен каржыланат. Анын бюджети 22 миллион еврону түзөт.

Баткенди өнүктүрүү жол картасында 30 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Баткенди өнүктүрүү жол картасында 30 ири инвестициялык долбоорду ишке ашырылат.   Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, анын ичинде өнөр жай, энергетика, агроөнөр жай тармагындагы долбоорлор бар.   Учурда Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги тарабынан 10 долбоор инвесторлорго сунуштоо үчүн даярдалды.

Шайлоо жараяндарына аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат

Шайлоо жараяндарына аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат.   Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов эскертти.   Ал белгилегендей, бир дагы чиновник шайлоого үгүт жүргүзө албайт.   Мындай факт аныкталса ким болбосун чара көрүлөт.   Белгилеп кетсек, Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында ушул… Кененирээк…

Бишкектин эки районунда добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси жарыяланды

Бишкектин эки районунда добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси жарыяланды.   Боршайкомдон билдиришкендей, ал шайлоочулардын  “Тизме” мамлекеттик порталына жайгаштырылды жана шайлоо тилкелерине да илинди.   Маалыматка караганда, жалпысынан акыркы тизмеге 219 миң 654 адам кирди. Анын ичинде 92 миң 587си – эркек, 127 миң 67си аял.

Баткенде жардамга муктаж 2 миңден ашык үй-бүлөгө гуманитардык жардам катары ун берилди

Баткенде жардамга муктаж 2 миңден ашык үй-бүлөгө гуманитардык жардам катары ун берилди.   Буга чейин да 2 миңден ашык үй-бүлөгө бир каптан ун таратылган.   Гумжардам шаар тургундарына министрлер кабинетинин тапшыруусу боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бөлүштүрүлөт.   Жалпысынан облуска 102 тонна 700 кг… Кененирээк…

Ош базарындагы санитардык талапты сактабагандарга айып салынды

Ош базарындагы санитардык талапты сактабагандарга айып салынды.   Мэриянын маалыматына караганда, графикке ылайык дүйшөмбү күндөрү бардык базарларда санитардык күн.   Дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн соода түйүндөрү жабылышы керек.   Бирок айрым ишкерлер эрежени сактабай жатат.   Натыйжада, тартипти бузган соодагерлерге 3 миң сомдон 13 миң… Кененирээк…

Экономика министрлиги иштин 13 түрүн кассалык машиналарды колдонуудан бошотууну сунуштоодо

Экономика министрлиги иштин 13 түрүн кассалык машиналарды колдонуудан бошотууну сунуштоодо.   Алардын ичинде, баалуу кагаздарды сатуу, поезддерде жана учактарда тамак-аш сатуу, кол менен ташылуучу жүк кызматтары кирет.   Мындан тышкары, 11 ишмердүүлүккө ККМ киргизүүнү кийинкиге калтыруу сунушталууда.   Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими күчүндө

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими күчүндө.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жокко чыгаруу чечими азырынча кабыл алына элек.   Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү депутаттын суроосуна жооп берип жатып, өзгөчө кырдаал режими алынганын билдирген.   Бирок бул чечим качан кабыл алынгандыгын тактаган эмес.… Кененирээк…

Австралия дээрлик эки жылдан бери жабык турган чек арасын ачты

Австралия дээрлик эки жылдан бери жабык турган чек арасын ачты.   Эми аталган өлкөгө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн чет элдиктер кире алышат.   Коюлган талаптарга ылайык, эмдөөнүн эки дозасын тең алган туристтер эркин кирсе, бир гана дозасын алгандар өз эсебинен 14 күндүк карантинге жатып чыгышы… Кененирээк…

Ысык-Көлгө Россиядан арпанын элиталык үрөнү келди

Ысык-Көлгө Россиядан арпанын элиталык үрөнү келди.   Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей,   Балыкчы станциясына жаздык арпанын үрөнүнүн алгачкы 3 вагону жеткирилди.   Маалыматка ылайык, 200 тонна үрөн облустагы Ысык-Көл жана Түп райондорунун үрөн чарбаларына жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө лабораториялык анализден өткөндөн кийин таратылат.