Жыл башынан бери 1,3 миллион тоннадан ашык көмүр өндүрүлдү

Кыргызстанда 8 айда 1 млн. 337 миң тоннадан ашуун көмүр өндүрүлдү. Анын 9 миң тоннага жакыны өлкөнүн түштүк аймагында казылып алынды. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, өлкө боюнча 758 көмүр кампасы ачылды. Калкка көмүр берүү 15-сентябрдан башталат. Ал… Кененирээк…

Түрк инвесторлору Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу ниетинде

Түрк инвесторлору Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу ниетинде. Мэриянын маалыматына ылайык, кеңири делегация  ордо калаага сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн келди.   Эске салсак, объектти куруу боюнча макулдашууга ушул жылдын августунда кол коюлган. Түрк компаниясы заводдун курулушу боюнча долбоор тартуулап, анын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап, каржылоону камсыздоого… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров жогорку аскердик наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров жогорку аскердик наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.   Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловго жана мурдагы Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге генерал-лейтенант наамдары, Коргоо министри болуп кечээ гана дайындалган Бактыбек Бекболотовго генерал-майор наамы ыйгарылды.   Ошондой эле, Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси бир сменада 480 окуучуга чакталат.   Бул жерде окуу класстары, процедуралык, методикалык кабинеттер, техникалык жайлар жана спорт зал каралган. Мэриядан белгилешкендей, 2023-жылга чейин ордо калаанын жаңы конуштарында 4 мектеп, 1 кошумча… Кененирээк…

Парламенттик шайлоонун катышуучулары күрөө акысын 18-октябрь кечки саат 6га чейин тапшырышы керек

Парламенттик шайлоонун катышуучулары күрөө акысын 18-октябрь кечки саат 6га чейин тапшырышы керек. БШКнын маалыматына ылайык, кечиккендер же сумманы такыр төкпөгөндөр жарышка катышпайт.   Партиялар үчүн күрөө акысы   1 миллион сом, ал эми бир мандаттуу талапкерлерге 100 миң сомду түзөт. Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоолор 28-ноябрга… Кененирээк…

WhatsАpp смартфондордун эски операциондук системаларында иштебей калат

WhatsАpp смартфондордун эски операциондук системаларында иштебей калат. Жаңы талаптар 1-ноябрда күчүнө кирет.   Мессенджер ага чейин колдонуучуларды iOS жана Android системалары жаңыраак телефондорду сатып алууну сунуштайт.

Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй-Фрунзе бөлүгү кыймылга жабылат

Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй-Фрунзе бөлүгү кыймылга жабылат. Чектөөлөр бүгүн кечки саат 5тен түнкү 11ге чейин киргизилет.   Кайгуул милиция кызматынын маалыматына ылайык, көчө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Үч улуттун кубогунун” алкагында футболдук беттеш өтө турганына  байланыштуу жабылат. Айдоочуларга тыгындарды жаратпоо үчүн башка каттам түзүп… Кененирээк…

Жаңы окуу жылында мектеп босогосун 156 миңден ашык биринчи класстын окуучулары аттайт

Жаңы окуу жылында мектеп босогосун 156 миңден ашык биринчи класстын окуучулары аттайт.   Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 30 миң бала Жалал-Абаддын мектептерине кабыл алынды, бул өлкө боюнча эң чоң көрсөткүч.   Андан кийин Ош облусу турат – дээрлик 29 миң, Чүй облусунда 24,5 миң… Кененирээк…

БШК парламенттик шайлоого карата добуш берүү аймактарын жана схемаларын бекитти

БШК парламенттик шайлоого карата добуш берүү аймактарын жана схемаларын бекитти.   Ага ылайык, пропорционалдык система аркылуу саясий партиялардын тизмеси менен шайлануучу 54 депутат үчүн жалпы Кыргызстандын аймагы жалгыз шайлоо округу деп эсептелет.   Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулар бул округга добуш берүүчү катары катталат.   Ал эми мажоритардык система… Кененирээк…

16-сентябрдан тарта жылдык 4 пайыз менен мамлекеттик ипотекалык насыя берүү боюнча программа кое берилет

16-сентябрдан тарта жылдык 4 пайыз менен мамлекеттик ипотекалык насыя берүү боюнча программа кое берилет.   Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, мындай пайыздык чен менен турак-жайды бюджеттик тармактын кызматкерлери ала алат.   Насыя 15 жылдан 25 жылга чейин берилет. Программанын катышуучусу үйдүн баасынын жок дегенде 10… Кененирээк…