Кыргызстанда экология көйгөйлөрүн чечүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт

Былтыркы жылы өлкөдө климат маселесинде чоң өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова маалымат жыйында билдирди.   «Былтыркы жылы өлкөдө климат маселесинде чоң өзгөрүүлөр болду. Алардын уландысы тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды. Бул буйрук экологияны сактоо, биздин тоолорду… Кененирээк…

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан лифттер текшерилүүдө

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан лифттердин техникалык абалы текшерилүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Ага ылайык, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №14 дарегинде көп кабаттуу үйдө жайгашкан лифт текшерилди. «Бишкек шаардык лифт» ишканасынын кызматкерлери лифттин кабиналары кандай иштей турганын текшеришти. Бул лифттерге 37 жыл толду, абалы канааттандырарлык.

Жакында маморгандар элден маалым кат талап кылбай калышы мүмкүн

Кыргызстанда калктан ар кандай маалым каттарды талап кылган нормаларды кыскартуу боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүү керектигин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев белгиледи.   Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Аалиев Infodocs электрондук документ жүргүзүү, e-Kyzmat жана мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарынын «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системаларын ишке киргизүү маселелерин… Кененирээк…

Марк Цукерберг эң бай адамдардын ондугунан чыгып калды

Марк Цукерберг эң бай адамдардын ондугунан чыгып калды. Чет элдик басылмалар жазышкандай, Фейсбук – Мета компаниясынын негиздөөчүсү бир күндө эле 237 миллиард доллар жоготту.   Бул компаниянын акциялары кескин түшүп кеткенине байланыштуу. Метанын акциялары арзандаганы Pinterest, Snap жана Twitter социалдык тармактарын дагы төмөндөттү. Эми Марк… Кененирээк…

Аймактарда калкты каттоого көбүнчө мугалимдер тартылат

Аймактарда калкты каттоого көбүнчө мугалимдер тартылат. Бул тууралуу кененирээк Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.   «Биздин азыркы каттоого катыша тургандар, аны алып бара тургандар айыл жергесинде мугалимдер көбүнчө тартылышы мүмкүн. Биз чектебейбиз, бул жерде бир гана гос.службадагылар катыша албайт. А… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. “Кыргызгидрометтин” маалыматына ылайык, 6-7-8-февралда өлкөнүн басымдуу аймактарында кар жаашы күтүлөт.   Андан улам, Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул трассалар менен сапарга чыга турган айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү… Кененирээк…

Бишкекте имараттардын айланасындагы тосмолорду алуу уланууда

Бишкекте имараттардын айланасындагы тосмолорду алуу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бүгүн Чүй проспектиндеги №98 кесиптик лицейдин жана  Президент алдындагы башкаруу академиясынын тосмолорун алды.   Эске салсак, ордо калаада көп кабаттуу үйлөрдүн, мамлекеттик мекемелердин тосмолорун алуу чечими кабыл алынды. Бир гана мектептердин короосу… Кененирээк…

Улуттук госпиталда травматология бөлүмү ачылат

Улуттук госпиталда 30 орундуу травматология бөлүмү ачылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатып айтты.   «Учурда буйрук даярдалууда. Травматологиялык профилдеги бейтаптарды кабыл алууну жандандырууну пландап жатабыз. Улуттук госпиталда жогорку класстагы кадрлар жетиштүү», — деди министр. Маалымат жыйында министр Бишкек травматология жана… Кененирээк…

Кыргызстандын башкы магистралдары кыймылга ачык

Кыргызстандын башкы магистралдары кыймылга ачык. novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, тоолуу трассаларда муз тоңуп, күрткүлөр пайда болгону менен унаа кыймылы татаалданган жок.   Кооптуу тилкелерде жолчулар иштеп, инерттүү материалдар себилип жатат. Айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактап, этият болуу сунушталат.

Улуттук травматология жана ортопедия илимий борборуна жаңы жетекчи дайындалды

Улуттук травматология жана ортопедия илимий борборуна жаңы жетекчи дайындалды. Эми медициналык жайды Гулия Кожокматова башкарат. Ал буга чейин жеке медициналык борборлордо жана Медицина академиясынын кафедра башчысы болуп эмгектенген.   Ал эми травматология жана ортопедия илимий борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековду Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан… Кененирээк…