Ички иштер министрлиги иштин күчөтүлгөн режимине өттү

Ички иштер министрлиги иштин күчөтүлгөн режимине өттү. Бул тууралуу novosti.kgге ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, жергиликтүү шайлоого жана жалпы элдик референдумга карата республика боюнча саптык кароо өткөрүлдү. 11-апрелде добуш берүү күнү, коомдук коопсуздукту 11 миңден ашык милиция кызматкерлери камсыздайт. 4 миң кызматкер өлкөдөгү шайлоо тилкелерине бөлүштүрүлөт.… Кененирээк…

Индонезия жана ага коңшу өлкө Чыгыш Тимордо нөшөрлөп жаан жаап, жер көчтү

Индонезия жана ага коңшу өлкө Чыгыш Тимордо нөшөрлөп жаан жаап, жер көчтү. Табыгый кырсыктан 70тен ашык адам каза тапты. Бийлик өкүлдөрү  дагы ондогон адамдын дайыны чыкпай жатканын билдирди. Куткаруучулар Адонара аралындагы Ламенеле калктуу конушунда жер көчкүнүн алдында калган үйлөрдөн 40тай адамдын жасатын алып чыгышты. Өзгөчө… Кененирээк…

Минск шаарында “Кыргыз киносунун күндөрү” өтөт

Минск шаарында “Кыргыз киносунун күндөрү” өтөт. Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара “Беларусь” кинотеатрында 9-апрелден 11-апрелге чейин уюштурулат. Программада “Дарак ыры”, “Сүтак” жана “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмалары камтылды.

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, эртең таңкы саат 8ден кечки 6га чейин Малдыбаев, Токтоналиев, Брест, Владимир, Фрунзе, Абдумомунов, Акиев, Рыскулов, Огонбаев, Широкая, Элебесов көчөлөрүндө, 5 жана Достук кичи райондорунда, Арча-Бешик, Ала-Арча Ак-Босого, Дордой-2,  Ак-Бата, Келечек, Кызыл куруучу, жана Мурас-Ордо конуштарында жарык… Кененирээк…

Бишкекте жана Чуй облусунда ковидге кабылган бейтаптар үчүн кошумча орундуктар түзүлүп жатат

Бишкекте жана Чуй облусунда ковидге кабылган бейтаптар үчүн кошумча орундуктар түзүлүп жатат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, мындай чаралар медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү максатында көрүлүп жатат. Алсак, эртең Улуттук госпиталда дагы 110 орун, Чүй облустук биргелешкен ооруканасында 55 орун пайда болот.

Рамазан айы 13-апрелде башталат

Рамазан айы 13-апрелде башталат. Токтомду аалымдар кеңеши кабыл алды. novosti.kgге мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, кадыр түн орозо айынын 26сынан 27-күнүнө караган түнүнө туш келет. Ал эми битир садаканын көлөмү эртең, аймактардагы баалар аныкталгандан кийин белгилүү болот.

Соцтармактарда тарап жаткан Орозо календары туура эмес болушу мүмкүн

Соцтармактарда тарап жаткан Орозо календары туура эмес болушу мүмкүн. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, интернетте жайылып жаткан жана басылып чыгарылып, сатылып жаткан календарь муфтият бекиткен жылнаамадан айырмаланышы ыктымал. Бул өз кезегинде орозо кармоону үзгүлтүккө учуратат. Андыктан мусулмандарга этият болуп, тастыкталган маалыматтарга гана… Кененирээк…

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен эскертишти. Маалыматка ылайык, бүгүн, эртең күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда суунун деңгээли көтөрүлүп, суу капташы күтүлөт. Жарандарга этият болуу сунушталат.

Ысык-Көлдүн Челпек айылында бала бакча пайдаланууга берилди

Ысык-Көлдүн Челпек айылында бала бакча пайдаланууга берилди. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, объекти мындан 40 жыл мурда курулган. Калыбына келтирүү иштерине 4 миллион сом багытталды. Имараттын эскилиги жетип калгандыктан буга чейин 50 бөбөк мектептин бир бөлүгүндө тарбияланып келген. Эми жаңы мектепке чейинки даярдоо мекемеси Челпек,… Кененирээк…

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүгө өзгөртүүлөр киргизилбейт

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүгө өзгөртүүлөр киргизилбейт. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, бир гана каттоо онлайн режиминде жүрүп жатат. Бирок ЖРТ өткөрүү процедурасы салттуу негизде өткөрүлөт. Бул сынакты өткөрүүдө ачыктыкты камсыздоо максатында.  Эске салсак, жогорку окуу жайга тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөр 9-апрелге чейин катталууга… Кененирээк…