Ошто 800дөй турак жай сел сууларынан тазаланды

Ошто 800дөй турак жай сел сууларынан тазаланды.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, облус боюнча жалпы 1 миңдей үйдү сел каптаган. Учурда 786 турак жай калдыктардан тазаланды. Калган 197 үйдүн короо-сарайларында тазалоо иштери уланууда. Материалдык чыгымдар да такталып жатат.

 

Эске салсак, табигый кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү үчүн облус аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланган.