Ош балатысынын оту 25-декабрда жанат

Ош балатысынын оту 25-декабрда жанат. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, бул күнү шаар тургундары үчүн жергиликтүү артисттердин катышуусу менен концерт тартууланат.   Эске салсак, Оштогу жаңы жылдын башкы символунун бийиктиги 28 метрге жетет. Жалпысынан түштүк калаа мэриясы жаңы жылдык жасалгалоо иштерине 3 миллион сом багыттайт.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 15-декабрга чейин белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 15-декабрга чейин белгилүү болот. Бул тууралуу novosti.kgге Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   Анын айтымында, 22-декабрга чейин сертификаттар аймактарга жөнөтүлөт.   Ал эми жогорку окуу жайларга кабыл алуу мөөнөтү азырынча белгисиз. Эске салсак, күзгү жалпы республикалык… Кененирээк…

Баткен облусунда 169 салык төлөөчү айрым салыктардан бошотулду

Баткен облусунда 169 салык төлөөчү айрым салыктардан бошотулду.   Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, кеп киреше салыгы, сатык кирешеси, бирдиктүү салык жана патент негизиндеги салыктар тууралуу болуп жатат.   Жеңилдиктер кийинки жылдын аягына чейин күчүнд болот. Андан тышкары,   2023-жылдын 1-мартына чейин субъектилер банк кепилдигин тартуулабастан… Кененирээк…

Кыргызстан ыш көйгөйүн чечүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунан 6 миллиард 700 миллион доллар грант сурады

Кыргызстан ыш көйгөйүн чечүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунан 6 миллиард 700 миллион доллар грант сурады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова билдирди.   Анын айтымында, өлкөдө энергиянын альтернативдүү булактарын жайылтуу керек. Бул багыт боюнча долбоорлор иштелип чыкты. Аларды ишке ашыруу үчүн каражат талап кылынгандыктан,… Кененирээк…

Сауд Арабияда бийиктиги 2 миң метрлик имарат курулат

Сауд Арабияда бийиктиги 2 миң метрлик имарат курулат. Ал Дубайдагы 828 метрлик Бурдж Халифадан бир нече эсе бийик болот. Асман тиреген имаратты өлкөнүн көз каранды фонду курууга даяр.   Иштер Эр-Рияддын түндүк тарабында жүргүзүлөт. Имараттын аянты 18 чарчы чакырымга жетет. Аткаруучу компания курулуш иштерин 5… Кененирээк…

Бишкекте бир гана электр унаалары жүрө турган жашыл аймактар пайда болот

Бишкекте бир гана электр унаалары жүрө турган жашыл аймактар пайда болот.   Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова билдирди. Анын айтымында, ведомство ордо калаадагы абанын булгануусун азайтуу максатында бир катар чараларды иштеп чыкты.   Алсак,  жашыл каттамдарды киргизүү бар. Бул максатта 20 миллион сом… Кененирээк…

Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнестин күн тартиби бекитилет

Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнестин күн тартиби бекитилет. Документтин автору катары Экономика министрлиги чыкты.   Ага ылайык, тартипке ишкердүүлүктү колдоо жана өнүктүрүү, көмүскө экономиканы кыскартуу, эл аралык рейтингдеги көрсөткүчтөрдү жакшыртуу суроолору камтылат.   Иш күн тартиби 6 принциптен турат, анын ичинде мамлекеттин жана бизнестин эки тараптуу… Кененирээк…

Кыргызстан калкы көмүр менен жетиштүү өлчөмдө камсыздалды

Кыргызстан калкы көмүр менен жетиштүү өлчөмдө камсыздалды. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Марат Орозбаевдин айтымында, бишкектиктердин керектөөсү 95 пайызга камтылды.   Аймактарда дагы запастар жетиштүү. Кара отундун баасы жеткирүү чыгымдарына жараша 4 миңден 6 миң сомго чейин жетет. Кара-Кече кенинде иштер тынымсыз жүрүп жатат. Учурда Бишкек… Кененирээк…

Goal порталы Катарда өтүп жаткан чемпионаттын мыкты оюнчуларын атады

Goal порталы Катарда өтүп жаткан чемпионаттын мыкты оюнчуларын атады. Рейтингдин сап башында Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Месси жайгашты.   Турнирдин 5 беттешинде ал 4 гол киргизип, 2 ийгиликтүү пас берген. Экинчи орунда франциялык команданын фаворити Килиан Мбаппе турат. Ал 5 гол менен жана 1 пас… Кененирээк…

Баткен облусунун Боз-Адыр айылы таза суу менен камсыздалат

Баткен облусунун Боз-Адыр айылы таза суу менен камсыздалат. Калк жашаган түйүндө жер казуу иштери жыйынтыкталып, учурда түтүктөрдү орнотуу жүрүп жатат.   Долбоорду кайрымдуулук фонддорунун бири каржылаган. Аны ишке ашыруунун баасы 20 миллион сомдон ашат.