Жол эрежесин бузгандыгы тууралуу айыптарды жеткиргенден тартып 2 жумалык мөөнөт эске алынат

Жол эрежесин бузгандыгы тууралуу айыптарды жеткиргенден тартып 2 жумалык мөөнөт эске алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирет. Анын айтымында, жеткирүү иштери 11-майдан тартып жанданды. Буга чейин Республикалык штабдын чечими менен айыптарды жеткирүү токтотулган. Кошумчаласак, айдоочу жол кыймылынын эрежесин бузган учурда айыпты… Кененирээк…

Европа комиссиясы Кыргызстандын авиация тармагына 28 эскертүү берди

Европа комиссиясы Кыргызстандын авиация тармагына 28 эскертүү берди. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев билдирет. Анын айтымында, эскертүүнүн 12си аткарылды. Калганы иштелип жатат. Карантин актагандан кийин иштер соңуна чыгат. Акышев белгилегендей, Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация агенттигинин кара тизмесинен качан чыгарын так айтуу… Кененирээк…

Бишкек мэриясынын балансында 194 кызматтык батир бар

Бишкек мэриясынын балансында 194 кызматтык батир бар. Мындай турак-жайга 3 миң адам муктаж. Учурда алардын бары кезекте турат, — деди вице-мэр Улан Азыгалиев. Анын айтымында, жаңы турак жайларды куруу тууралуу калаа бийлигинин планында жок.

Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-86-чакырымдарында кар күрткүсү пайда болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл. Ошондой эле адамдарга малдарын жайлоого чыгаруусун убактылуу токтотуп туруу сунушталат.

Быйыл Ысык-Көлдө эс алуучулар үчүн атайын эреже иштелип чыгат

Быйыл Ысык-Көлдө эс алуучулар үчүн атайын эреже иштелип чыгат. Мындай чара өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын туруктуулугу чыңалганынан улам көрүлүүдө. Мындан улам сезондун башталышында саламаттыкты сактоо жана маданият, туризм министрликтери талап кылуучу режим, талаптарды иштеп чыгат. Күтүлгөндөй, эрежелер ушул айдын аягында коомго жарыяланат.

Бишкектин айланасындагы карантиндик посттор ишин мурдагы режимде улантат

Бишкектин айланасындагы карантиндик посттор ишин мурдагы режимде улантат. Бул тууралуу вице-мэр Азиз Алымкулов билдирди. Эртеңден тартып экономикалык ишмердүүлүктүн 3-этабы боюнча мекемелер ишин жандантат. Айрым ишкана жана башка тармактар 25-майдан тартып иштеп баштайт. Буга карабай калаанын кире беришинде жана чыгышында орнотулган 16 карантиндик-санитардык посттор ишин улантат.… Кененирээк…

11-класстар үчүн «Алтын тамга» тестирлөөсү 12-июндан 19уна чейин өтөт

11-класстар үчүн «Алтын тамга» тестирлөөсү 12-июндан 19уна чейин өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Тестирлөө облустук борборлордо уюштурулат. Имараттар дезинфекцияланып, социалдык аралык сакталат жана ар бир бүтүрүүчү коргонуу каражаттары менен камсыздалмакчы. Быйылкы окуу жылында 1 миң 420 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу үчүн ат… Кененирээк…

Бишкек мэриясы жарандарды кафе, чайханада топтолгондор тууралуу маалымат берүүгө чакырат

Бишкек мэриясы жарандарды кафе, чайханада топтолгондор тууралуу маалымат берүүгө чакырат. Санитардык-экологиялык инспекция өзгөчө кырдаал шартын аткарбагандарга карата рейд жүргүзүүдө. Анын алкагында, ордо калаада 1 чайкана иштеп жатканы аныкталды. Тамактануучу жайдын бардык бөлмөлөрү эс алуучуларга толуп, кызматкерлер толук курамда иштеп жатышкан. Катталган фактыга протокол толтурулуп, 13… Кененирээк…

Адамды бат картайта турган азыктар аталды

Адамды бат картайта турган азыктар аталды. Испания окумуштуулары билдиришкендей, алар шекер кошулган нан, газдалган суусундук, торт, чипсы жана жарым фабрикаттар. Бул азыктардын курамында кант, туз, боек, даам берүүчү химикаттар жана май көп өлчөмдө кездешет. Ал эми витаминн менен клетчатка жокко эсе. Бул азыктар организмдин табигый… Кененирээк…

Кытайда жигити менен эки ажырым жолго түшкөн кыз ага 1 тонна пияз жиберди

Кытайда жигити менен эки ажырым жолго түшкөн кыз ага 1 тонна пияз жиберди. Чао аттуу кыз сүйүктүүсү менен мамилеси токтогондон кийин каттуу депрессияга кабылган. Бирок жигит анчейин капаланган эмес. Мындан улам Чао мырзадан өч алуу максатында пияз менен кошо кат жиберди. Анда мен 3 күн… Кененирээк…