Принцесса Диананын унаасы аукциондо 851 миң долларга сатылды

  Британ принцессасы Диананын унаасы аукциондо 851 миң долларга сатылды. Аукциондун жеңүүчүсүнүн аты-жөнү такталган жок. Принцесса бул машинени үч жыл — 1985-жылдан 1988-жылга чейин айдаган. Белгилүү болгондой, алгач модель ак түстө болгон, бирок унааны кайра кара түскө боёо чечими кабыл алынган. Жалпысынан Диана унаа менен… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү унаа кыймылы үчүн жабылат

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү унаа кыймылы үчүн жабылат. Кайгуул милициядан билдиришкендей, түшкү саат 2ден түнкү 11ге чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзеге чейинки бөлүгүндө кыймылга чектөө киргизилет. Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдодон Панфиловго чейинки бөлүгү да жабылат. Бул футболдук мелдеш өткөрүүгө байланыштуу. Айдоочулар маршрутун алдын… Кененирээк…

Бишкекте 1-сентябрга пландалган 15 мектептин үчөө гана окуучуларды кабыл алууга даяр

Бишкекте жаңы окуу жылына карата ачылуусу пландалган 15 мектептин үчөө гана окуучуларды кабыл алууга даяр. Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров ишендиргендей, калганын 15-сентябрга чейин бүткөрүү пландалууда. Белгилеп кетсек, 1-сентябрга карата 15 мектеп жана бир бала бакча курулуп, оңдолмок. Курулушка республикалык бюджеттен 2 миллиард сом каралган.

Эртең Бишкек шаарындагы мектептерге директор тандоо боюнча сынак өтөт

Эртең Бишкек шаарындагы мектептерге директорлордун бош кызмат орундарына сынак өтөт. Билим берүү министрлигинен такташкандай, талапкерлерди тандоо Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде эртең мененки саат 8де башталат. Эске салсак, Бишкек шаары боюнча 62 ваканттык орун бар.

Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Мындан улам, жарандарга сак болуу сунушталат.

550дөн ашык майыптыгы бар жана жетим балдар үчүн эс алуу уюштурулду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жай мезгилинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө турган балдар, багып алуучу үй-бүлөлөр, жетим балдар жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн Ысык-Көлдө акысыз эс алууну уюштурду. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 448 бала жана… Кененирээк…

Эгемендүүлүк күнү Чуңкурчакта Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөт

Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата 31-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Иш-чарага өкмөт башчы Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин… Кененирээк…

Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди 1-сентябрдан тарта ишин жыйынтыктайт

Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди 1-сентябрдан тарта ишин жыйынтыктайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Мамлекеттик мекемеден эскертишкендей, поезд жыл сайын июнь айынан 31-августка чейин каттайт. Бишкек – Балыкчы багытындагы кыймыл эми келерки жайда жанданат.

Электр энергиясына карызы бар Бишкектин тургундары 1-сентябрда жарыксыз калат

Электр энергиясына карызы бар Бишкектин тургундары 1-сентябрда жарыксыз калат. “Чүй электр тармактары”​ ​ишканасынын маалыматы боюнча, тизмеде төрт миңге жакын абонент бар. Маалыматка ылайык, ордо калаанын жалпы карызы 7 миллион сомго жетти. Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн жарандар бардык төлөмдөрдү алдын ала төлөшү керек. Муну “Кыргызпочтасынын” кеңселеринде, ошондой… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл аягына чейин QR код менен төлөө функциясы ишке кирет

Кыргызстанда жыл аягына чейин QR код менен төлөө функциясы ишке кирет. Тиешелүү токтомду Улуттук банк чыгарды. Ага ылайык, мобилдик тиркемелери бар банктар жана төлөм системасынын операторлору бул төлөм системасын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө тийиш. Улуттук банк — бул банк жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой… Кененирээк…