Кытайлык компания Нарында унаа чогулткан завод курууну пландоодо

Кытайлык компания Нарында унаа чогулткан завод курууну пландоодо. Тиешелүү меморандумга кол коюлганын президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Учурда Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунан ишкана курууга ылайыктуу жер каралууда. План ишке ашса Кыргызстандын бренди, белгилери менен ар түрдүү (бензин, электр энергиясы, газ менен жүргөн) машинелер куралып чыга баштайт.

 

Анын алкагында 100дөн 1000ге чейинки жумуш орундары түзүлөт деп күтүлүүдө.