Бишкекте чуңкурларды жамоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учуруда Чүй проспектисинин Достоевский көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жатат.
Буга чейин жол кемчиликтерин жоюу иштери төмөнкү жол тилкелеринде жүргүзүлгөн:
— Чүй проспектисинин Сүйүмбаев көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
— Абдрахманов көчөсүнүн Манас проспектисинен Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
— Жибек-Жолу проспектисинин Турусбеков көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
— Л.Толстой көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
— Абдрахманов көчөсүнүн Түштүк магистралдан Совет чолок көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
— Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө.