Бишкектин Ленин районуна жаңы аким дайындалды

Мураталы Тагаев Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

 

Эске салсак, ал 31-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулган.

Тагаев 2018-жылы Жалал-Абад шаарына мэр болуп шайланып, 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин отставкага кеткен.