Кыргызстанда  көп балалуу үй-бүлө түшүнүгүн киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда  көп балалуу үй-бүлө түшүнүгүн киргизүү сунушталууда. Ага төрт жана андан көп балалуулар кирет.

 

Мыйзам долбооруна ылайык, бул түшүнүктү киргизүү көп балалуу үй-бүлөлөргө министрлер кабинети аныктаган тартипте кошумча социалдык жеңилдиктерди алууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Белгилеп кетсек, өлкөдө көп балалуу үй-бүлө түшүнүгү жок, 6 жана андан көп баланы төрөп тарбиялаган энелерге га на “Эне даңкы”, “Баатыр эне” наамдары ыйгарылат.