Кыргызстанда доллардын куну түшүүдө

Кыргызстанда доллардын куну түшүүдө.

 

Улуттук банк 26-апрелге карата 1 доллардын расмий курсун 88,84 сом деңгээлинде бекитип, курс 0,01%га төмөндөдү. Евро 95,28 сом, рубль 96 тыйын, теңге 20 тыйындан сатылууда.

 

Ал эми коммерциялык банктарда доллар 89,53 сомдон сатылып, 88,70 сомдон сатып алынууда.

Финансылык жөнгө салуучу орган жыл башынан бери төрт жолу интервенция жасап, валюта базарынан доллар сатып алды.