Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары
Нурболот Үсөнбаев билдирди. Жаңы катталгандардын 10у
Санкт-Петербург шаарынан келген курсанттар. Экөө Бишкектен,
үчөө Чүй облусунан жана алты адам Нарындан аныкталды.
Ушуну менен бейтаптардын жалпы саны 1 миң 138ге жетти.