Кыргызстандыктар кайрадан Түркияда дарылана алат

Кыргызстандыктар кайрадан Түркияда дарылана алат.

Anadolu агенттиги билдиргендей, Түркия бийлиги 31 мамлекеттин

жарандарына дарылануу үчүн өлкөгө кирүүсүнө уруксат берди.

Түркияда дарылана турчу чет өлкөлүк жарандардын тизмеси алгач

медициналык көзөмөл боюнча эл аралык системага киргизилет.

Ал жактан алдын ала макулдук алгандан кийин гана дарыланууга уруксат берилет.