Кыргызстанда мартта туруксуз аба-ырайы күтүлөт.
Синоптиктер шашылыш билдирүү таратат. Бүгүн тартып,
19-мартка чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында маалы менен кар жаайт.
Суу кар линияларга жана бактарга жабышат. Жолдордо муз тоңуп, кар күрткүсү пайда болот.
Эртең батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Мындай аба-ырайы унаалардын жүрүшүн, байланыш түйүндөрүнүн иштешин,
энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын жумушун кыйындатат.