Президент Садыр Жапаров референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Өлкө башчы аппаратынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Референдумду жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен бирге 11-апрелде өткөрүү сунушталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.