Адылбек Касымалиев президент аппаратынын жетекчисинин орун басары болду

Адылбек Касымалиев президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 14-майда кол койду.

 

61 жаштагы Касымалиев 2015-2018-жылдары Кыргызстандын финансы министри болуп иштеген. Ага чейин өлкөнүн Салык кызматын жетектеген, экономика министринин орун басар кызматын аркалаган.

 

2019-жылы Кумтөр кени боюнча канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен жаңы келишимдин негизинде “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк” фонду түзүлүп, аны Адылбек Касымалиев жетектери айтылган болчу.