Лондондо 4 миллиард жыл болгон метеорит көргөзмөгө коюлат

Лондондогу табигый тарых музейинде 4 миллиард 500 миллион жыл болгон метеорит көргөзмөгө коюлат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, бул метеорит ушул жылдын февраль айында Англиянын батыш тарабынан табылган. Окумуштуулардын айтымында, ага болжол менен 4 миллиард 500 миллион жыл болгон.

 

«Бул метеориттин химиялык курамы Күн системасы жаралгандан бери өзгөргөн эмес. Анын курамында жашоонун пайда болушуна себепкер болгон бардык органикалык заттар бар. Демек, ал Жерге түшкөнгө чейин кайсы бир планетада болгон. Дүйнө жүзү боюнча ушул сыяктуу жерге түшкөн метеориттердин саны 51. Мындай табылгалар окумуштууларга асман телосун изилдөөгө жардам берет», — деп айтылат маалыматта.