Баткенде 10 миңден ашуун адам үйүнө бара элек

Баткенде чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон 10 миңден ашуун киши үйүнө кайта элек.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин 1-октябрда тараткан маалыматына караганда, эвакуация болгон 137 миңдей кишинин көбү туруктуу жайгашкан жерлерине кайтып барышты.

Үйлөрү жашоого жараксыз болгон жарандарга облус боюнча 8 мекеме, 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган.

ӨКМ тараткан маалыматка караганда, Баткенде калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 640 турак жай зыян тарткан.

Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217си оңдоп-түзөлүшү керек.