Ош шаарындагы коомдук жайларга “Ош-Тазалык” ишканасы тарабынан жаңы сорттоочу урналарды орнотуу иштери башталды.
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Орнотуу учурунда адамдар көп жүрүүчү жерлерге өзгөчө көңүл бурулат: коомдук транспорт аялдамалары, парктар, сейил бактар.
Долбоордун негизги максаты – калк арасында таштандыларды сорттоону калыптандыруу.
Бүгүнкү күндө беш жерге сорттоочу урналар коюлса, алдыда билим берүү мекемелеринин жанына, эс алуучу жайларына урналарды орнотуу пландалууда.