ТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Тажикстанга убактылуу барбай турууга чакырды.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, кыргыз жарандарын Душанбедеги эл аралык аэропорттон кармап, Тажикстандын аймагына негизсиз киргизбей жаткан учурлар көбөйүп жатат.

Тажикстанда укуктары бузулган же кысым көрсөтүүлөр болгон учурда жарандар Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине же элчиликке кайрылуу керек.