Бүгүнтөн тарта №7 троллейбус Ак-Өргө конушуна каттай баштады

Бүгүнтөн тарта №7 троллейбус Ак-Өргө конушуна каттай баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, транспорт мурдагыдай эле Ак-Өргө конушунан Тунгуч кичирайонуна чейин жүрөт.

 

Эске салсак, Гагарин-Некрасов көчөлөрүнүн кесилишине канализациялык коллектор орнотулгандыктан жыл башынан тарта №7 троллейбус Ак-Өргөгө каттабай калган.