Германиялык компания Кыргызстанда гипсти кайра иштетүүчү завод курат

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Берлин шаарында Knauf ири өндүрүштүк компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

андын инфраструктуралык өнүгүүсү жана экономикалык максаттарына жетүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин, өлкөдө курулуш катуу болуп турганда, бул тармак өзгөчө актуалдуу болуп саналарын айтты.

 Президент Кыргызстан Германиянын Knauf сыяктуу ири компанияларынын өлкөгө келишине кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Knauf компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Уве Кнотцер Кыргызстандын түндүгүндө гипсти кайра иштетүүчү завод курууга, ошондой эле жалпысынан өлкөдө компаниянын өндүрүшүн жайгаштырууга кызыкдар экендиги тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, заводдун Чүй облусунда курулушу жумуш орундарын түзүү менен жергиликтүү калктын бакубаттуулугун гана жакшыртпастан, жалпы аймактын өнүгүүсүнө кошумча түрткү берет. Компания биринчи этапта логистикада гипстин жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен өлкөнүн түндүгүндө биринчи заводду курууну пландаштырууда. Келечекте Кыргызстандын түштүгүндө экинчи заводду куруу мүмкүнчүлүгү каралат.