Кыргызстанда акча которуулар 9 айда 774 миллион долларга кыскарды

Ушул жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Кыргызстанга 1 миллиард 437 миллион 590 миң доллар которулганын Улуттук банк билдирди.
Бул жеке жактар которгон каражат. Акчанын басымдуу бөлүгү — 1 миллиард 304,7 миллион доллары Россиядан түшкөн.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын ушул мезгилинде Кыргызстанга 2 миллиард 211,6 миллион доллар которулган. Быйылкы сумма 774 миллионго аз. Өткөн жылкы акча которуулар негизинен рекорд койгон.
Эске салсак, которулган каражатты «мигранттардын акчасы» деп коюшат, бирок башка транзакциялар да эске алынат. Каражат түрдүү валютада келип түшүп, алардын доллардык эквиваленти көрсөтүлөт.