Бишкектеги Ала-Арча каналындагы суу ташкыны токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн абанын температурасынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ала-Арча дарыясынын нугунда муз тыгыны пайда болду.
Тыгындарды жоюу үчүн «Бишкексуучарба», «Бишкекжашылчарба», «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары ыкчам тартылган.
Тоңуп калган муздарды тазалоого 5 экскаватор, 4 «HOWO» унаасы, 2 фронталдык жүктөгүч, 1 ылай соргуч, 30 жумушчу тартылды.