Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, 1-майда “Торугарт унаа жолу” жана “Эркечтам унаа жолу” түйүндөрү иштебейт.
Пункттар кытай тараптын демилгеси менен Кытайда “Эмгек күнү” майрамдалгандыгына байланыштуу жабылат. Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2-майда жанданат.