Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапты.
Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, Тажикстан жарандарына
Кыргызстан аймагына кирип чыгууга, өлкө аймагында жүрүүгө жана транзит менен
өтүүгө убактылуу чектөө киргизилди, — дешти Чек ара кызматынан. Андан тышкары,
чек арада жайгашкан «Кулунду», «Кайрагач», «Кызыл-Бел», «Бордобо» жана
«Карамык» бекеттери аркылуу жүк ташууга дагы тыюу салынды.
Ведомстводон кошумчалашкандай, Тажикстандын аймагында жүргөн Кыргызстан
жарандары же Кыргызстан аймагында жүргөн тажикстандыктар бекет аркылуу өтүп кете алышат