Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов отставкага кетти

Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов отставкага кетти. Арызын ал кечээ жазды. Бирок документке кол коюла элек. Кечээ депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министр кызматына жаңы талапкерди жылдырышты.   Депутат Мыктыбек Абдылдаев билдиргендей, парламенттик көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду сунуштап жатат.   Ал, эске салсам, 6-октябрда түрмөдөн… Кененирээк…

Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин 20 тонна таштанды чыгарылды

Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин 20 тонна таштанды чыгарылды. “Тазалыктын” кызматкерлерине көчөлөрдү жыйнап тазалоого катардагы жарандар дагы кошулду.   Учурда шаарды 600 кызматкер тазалап жатат, андан тышкары 55 атайын техника тартылды. Толкундоолордун натыйжасында келтирилген материалдык зыян такталып жатат.

Түнү менен Бишкекти 1,5 миңден ашык ыктыярчылар коргоду

Түнү менен Бишкекти 1,5 миңден ашык ыктыярчылар коргоду.   Бул тууралуу Бишкектеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча түзүлгөн Координациялык кеңештен билдиришти. Элдик кошуун, демилгелүү топтор, жарандык активисттер, жаштар уюмдары менен биргеликте коомдук тартип сакталып, мародерлукка жол берилген жок.   Алар түнү менен соода борборлору, кафе-дүкөндөрдүн алдында… Кененирээк…

Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ведомстводон билдиришкендей, өзбек тарап биздин жарандарга өз аймагына кирүүгө тыюу салды.   Ал эми кыргыз тараптан өзбек жарандарына чектөө жок. Жүк ташуулар дагы өз тартибинде жүргүзүлүп жатат. Чек араларда абал туруктуу.